Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Газа: Рафахтагы качкындардын 300 миңге жакыны башка шаарга жөнөдү


Газа.
Газа.

Израилдик аскерлер Газа секторунун түндүк жана түштүк тилкесин көздөй улам жылган сайын ал жактагы жай тургундар башка шаарларга кетүүгө мажбур болууда. The Associated Press (AP) агенттигинин маалыматына караганда, 12-майда Израилдин эвакуация талабына ылайык Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында баш калкалап турган 1 миллионго жакын жай тургундун 300 миңдейи анклавдын ортоңку бөлүгүндөгү Дейр-эл-Балах шаарын көздөй бет алышты. Ал жакта Жер ортолук деңиздин жээгинде алар үчүн атайын чатырлар орнотулган.

Рафах шаарын Израил ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) акыркы таянычы деп атоодо.

Израилдин айрым басылмалары Египеттин аскердик расмий өкүлдөрү израилдик кесиптештери менен пландалган жолугушууну күтүүсүздөн башка күнгө жылдырышканын жазышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин коргоо министри Йоав Галант менен Рафахтагы абалды талкуулаганын, Кошмо Штаттар израилдик аскерлердин Рафахта жердеги операцая баштоосуна каршы экенин жекшемби күнү Мамлекеттик департамент маалымдады.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарга өтө ырайымсыз мамиле жасап жатат деп айыптоодо, ал эми израилдик аскерлер ХАМАСтын гана инфраструктурасын жок кылып келатканын, согушкерлер элди тирүү калкан катары колдонуп, объектилерин эл көп жашаган жерлерге орнотуп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG