Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен Кыргызстанга келет


Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим. (архивдик сүрөт)
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим. (архивдик сүрөт)

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге шилтеме кылып, президенттин сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Малайзия премьер-министринин сапары анын Борбор Азияга сапарынын алкагында болот, Анвар Ибрагим биринчи Кыргызстанга келет.

Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар болжолдонууда. Анда Кыргызстан менен Малайзиянын мамилелерин бардык чөйрөдө - саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жандандыруу боюнча маселелер талкууланат.

Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан. Бул жылдар аралыгында Азияда тез өнүккөн бул өлкө менен Кыргызстан соода-экономикалык байланышты күчөтүү керектигин айтып келет.

2021-жылы эки өлкө Кыргызстанда Адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн "Адал-парк" ачуу максатында эт адал-паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоорун талкуулашканы кабарланган. Долбоордун ишке ашканы тууралуу маалымат жок.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG