Жогорку Кеңештин 8-майдагы жыйынында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечи депутат Дастан Бекешев жана юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков документ жөнүндө баяндама жасап, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева менен ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Депутат Кубанычбек Самаков мыйзамга ылайык айыпталуучуларды тергөө убагында бир жылдан ашык камакта кармаганга болбой турганын белгилеп, “эмне үчүн кээ бир иштер боюнча шектүүлөр андан көп убакыт тергөө абагында кармалып жатат?” деп сурады. Коңкубаева тергөө маалындагы камак мөөнөтү бир жылдан ашпашы керек экендигин ырастап, андан ашкан мөөнөттө камакта калтыруу же калтырбоону соттук процесс учурунда судья чечерин билдирди.
Андан кийин сөз алган депутат Исхак Масалиев башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаеванын бул чечмелөөсүн сынга алып, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар тергөө мөөнөтүнөн ашыкча камакта жатканын айтты.
“Мына “кемпирабадчылар” бир жарым жылдан бери камакта отурушат. Же ары эмес, же бери эмес. Андан сырткары да бир топ жарандар бир жылдан ашык убакыт камакта жатышат. Сиздин камак мөөнөтүн бөлгөнүңүз кызыктай экен, тергөө койгон мөөнөт бир, сот койгон мөөнөт бир. Анда сот бүтпөй улана берсе, беш-алты жыл деле камакта жата беришеби? Анда мыйзамдагы камак мөөнөтү бир жылдан ашпаш керек деген чектөөнүн эмне кереги бар?” – деди Исхак Масалиев.
Парламенттин жыйынында тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)