Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:11

Путин бешинчи президенттик мөөнөткө киришти


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусияда бүгүн 7-майда бешинчи президенттик мөөнөткө киришкен Владимир Путиндин инаугурациясы өттү. Кремлде уюштурулган иш-чарага бардык чет мамлекеттердин Орусиядагы өкүлдөрү чакырылган, бирок Батыштын көпчүлүк өлкөлөрү – АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин дээрлик баары ага катышуудан баш тартышты.

Европадан Франциянын, Венгриянын, Словакиянын, Грекиянын, Мальтанын жана Кипрдин гана өкүлдөрү барганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматы жазды.

Кезектеги, бул жолу алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайлоо Орусияда быйыл март айында өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, 71 жаштагы Путин добуштардын 87,3% алды. "Голос", "Важные истории" жана "Новая газета Европа" басылмалары шайлоодо добуштар бурмаланганын, Путиндики деген добуштардын болжол менен 22 миллиону жасалма экенин жазышкан.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэттью Миллер Кошмо Штаттар Орусиядагы бул президенттик шайлоо калыс жана таза өттү деп эсептебей турганын, бирок Путинди президент катары тааный турганын айткан.

Европарламент апрель айында Орусиядагы соңку шайлоону айыптаган билдирүү таратып, Европа өлкөлөрүн жана бардык эл аралык коомчулукту анын жыйынтыгын тааныбоого чакырган.

2020-жылы Орусияда кабыл алынган мыйзамга ылайык Конституцияга өзгөртүү киргизилип, өлкөнү 2000-жылдан бери башкарып келе жаткан Путинге президенттик шайлоого дагы эки жолу катышып, 2036-жылга чейин бийликте калууга жол ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG