Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Непалдын Жогорку Соту Эверестке чыгууга чектөө киргизди


Непалдын Жогорку Соту Эверестке чыгууга уруксат берүүнүн санын чектеди. Өкмөт соттун чечимин аткарууга милдеттүү. Соттун апрелдин этегинде кабыл алынган токтомунун кыскача мазмуну бир аптадан кийин жарыяланганын France-24 кабарлады. Чектөөнүн саны тууралуу азырынча так маалымат жок.

Расмий кабарларга ылайык, Непал бийлиги быйыл Эверестке чыгууга 403 кишиге уруксат берген. Былтыр 478 адам уруксат алып, бул тарыхтагы эң көп көрсөткүч катары сыпатталган.

Буга чейин Эверестке чыгуу үчүн 11 000 АКШ долларын төлөгөн адамга Непал өкмөтү уруксат берип келген.

Юрист Дипак Бикрам Мишра коопсуздук чаралары начар экенин жана альпинисттер табиятты булгап жатканын айтып, уруксат берүүнү чектөө өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Дүйнөнүн эң бийик чокусу саналган Эверест - 8848 метр. 2023-жылы ал жакта 11 киши набыт болгон, айрым маалыматтарда бери дегенде төрт киши чокуга бараткан жолдо адам көптүгүнөн кулап кеткени айтылат.

Жогорку Соттун чечимине ылайык, тик учактар авариялык куткаруу иштерине гана колдонулат.

Ушул тапта кыргызстандык альпинисттер тобу да Непалдын түрдүү чокуларын багынтып жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG