Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Бишкекте журналисттер көчөт отургузушту


Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте журналисттер көчөт отургузушту. Акция "Бизге басым кылып жатышат, биз дарак отургузабыз" деген ураан менен Журналисттер аллеясында 4-майда уюштурулду.

Акцияга келгендер өлкөдөгү маалымат каражаттары, журналисттер туш болгон басымдарды токтотууга чакырып, журналисттерди тилектештик билдирүүгө үндөштү. Ушундай эле ураан менен былтыр медиа кызматкерлери аталган аллеяда ишембилик жасашкан.

3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү. Бул күнгө карата "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарт, абалды изилдеп, баяндама жарыялап, басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексин жаңылады. Анда Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу эки тепкичке көтөрүлүп, 120-орунду ээледи. Баяндаманын авторлору бул жөн гана механикалык эффект экенин белгилеп жатышат. Бул башка мамлекеттердин көрсөткүчтөрү өтө эле төмөн түшүп кеткени менен негизделген.

2023-жылкы рейтингде Кыргызстан бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 50 орунга артка кетип, 122-сапка жайгашкан.

Быйыл жыл башында ондон ашуун иликтөөчү журналисттердин жапырт кармалып, камакка алынышы, айрымдардын социалдык тармактагы пикири үчүн соттолуп жатышы кыргыз өкмөтүнүн дарегине сынды күчөткөн.

Бийлик өлкөдө сөз эркиндигине кысым жоктугун, журналисттердин иштешине бардык шарттар бар экенин белгилеп келет.

Бишкектеги Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясы 2010-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмесинин демилгеси менен ачылган.

2023-жылы Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” аллеясы ачылган. Анда "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында 200 көчөт отургузулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG