Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу расмий ишке киришти


Саадаткан Даминова.
Саадаткан Даминова.

Бүгүн 3-майда Чехиянын борбору Прага шаарында Кыргызстандын бул өлкөдөгү ардактуу консулунун ишке расмий түрдө киришүүсүнө арналган иш-чара өттү. Салтанатка элчи Төлөндү Макеев, Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин, бир катар өлкөлөрдүн Чехиядагы элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.

Ардактуу консул Саадаткан Даминова бул кызматка 2023-жылдын сентябрь айында дайындалган.

Элчилик Чехияда Ардактуу консулдуктун ачылышы өз ара пайдалуу жана салттуу достук кыргыз-чех мамилелерин өнүктүрүүдө, Чехиядагы кыргыздарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө маанилүү кадам болуп саналарын билдирген.

Бүгүнкү иш-чарада да ардактуу консулдун ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Быйыл март айында «Азаттыкка» курган маегинде Даминова Чехияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктар 1785 адам, бирок бейрасмий эсептегенде 4 миңге жакын, анын ичинен 400ү студенттер экенин айтып берген.

«Азыр консулдук кеңседе кыргызстандык жарандарды тейлөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Паспорт алмаштыруу, жаңылоо, никеге туруу, жаңы төрөлгөн балдарды каттоого алуу ж.б. маселелер боюнча кайрылгандар ушул жерден тейленет. Көп учурда студенттер документинин мөөнөтү өтүп кеткенде же ушу сыяктуу маселе жаралганда бизге жардам сурап кайрылышат. Андан сырткары бала бакча, догдур издегендер, документинин мөөнөтүн кантип узартууну, кантип үй-бүлөсүн алып келүүнү сурагандар кайрылышат. Баарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп турат”, - деген Даминова.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG