Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

Украина Орусиянын чабуулунан эки жараны каза болгонун билдирди


Курахово.
Курахово.

Украинада бүгүн 3-майда Орусиянын соккусунан эки киши каза болду, дагы экөө жараат алды. Донецк облусунун Курахово шаардык аскердик администрациясынын башчысы Роман Падун билдиргендей, жергиликтүү эки тургун орус аскерлери бул аймакты фугастык курал менен аткылаганда мүрт кетти, шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан кабат үйлөр талкаланды.

Соңку суткада чабуулга Харьков, Запорожье жана Херсон облустары да кабылганы, ондогон киши жараат алганы кабарланды.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда.

Украин президенти Владимир Зеленский быйыл апрель айында эле Орусия Украинага каршы түрдүү типтеги 300 ракета, Shahed жанкечти дрондорунан 300дү жана башкарылуучу авиабомбадан 3200дү учурганын айтты.

Батыш убада кылган курал-жарактын жетишсиздигинен фронтто абал оор экенин, азыркыдан да оорлошу ыктымал болуп турганын 3-майда Economist басылмасына курган маегинде Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG