Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

4-майда тоолуу райондордо жаан-чачын болот


Кыргызгидромет агенттиги 4-майга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын болорун маалымдады.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго тайгак болот. Батыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25°.

XS
SM
MD
LG