Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:39

Сузактагы кырсык: ооруканадагы беш баланын абалы оор


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев балдардан кабар алып жаткан учур.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев балдардан кабар алып жаткан учур.

Сузакта окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуядан кийин ооруканага түшкөн 12 баланын бешөө реанимацияда жатат. Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлер алардын абалын оор деп баалаганын 3-майда билдирди.

Жалпысынан 30 бала жабыркап, 12си ооруканага жаткырылган. Окуучулар Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, Сузакта жана Октбярь кыштагындагы бейтапканаларга жаткырылган. Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

Жума күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев балдардан кабар алып, ата-энелер менен жолукту.

Ушул күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да ооруканадагы балдардан кабар алып, эгер муктаждык жаралса, абалы оор бейтаптарды учак менен Бишкекке алып барып дарылоону сунуштады.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, 30 бала жабыр тарткан. Жума күнкү расмий маалыматка ылайык, 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда. Автоунаанын ээси кармалган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Министр жабыркаган балдардын ата-энелери үчүн да кризистик борбор уюштурулуп, аларга моралдык колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

"Манасты" даңазалоо максатында окуучулар арасында бир нече күндөн бери жапырт "Манас айтуу" фестивалы уюштурулуп жаткан. Бул үчүн президенттин жарлыгы да чыккан. Кендирбаеванын айтымында, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө үч миллион сом байге да каралган. Иш-чара дээрлик бардык район-шаарларда уюштурулуп, аягына чыгып калган эле. Билим берүү жана илим министри фестиваль токтотулганын билдирди. (SE\TB)

XS
SM
MD
LG