Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

"Сатиранын көкжалы эле." Акын Жолочу Рысбаев өмүрдөн өттү


Жолочу Рысбаев.
Жолочу Рысбаев.

Эл акыны, жазуучу жана сатирик Жолочу Рысбаев 75 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Ал бир катар аңгемелердин, тамсилдердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору эле. Калемгер 2012-жылы “Азаттыкта” сатиралык “Тамашемес” деген бир нече видеоберүү даярдаган. 

Бул эл акыны Жолочу Рысбаевдин “Азаттыктагы” “Тамашемес” долбоорундагы архивдик берүүлөрү. Калемгер бул көрсөтүүлөр аркылуу эл башындагыларды сындап, коомдогу терс көрүнүштөрдү, маселен, кошоматчылыкты, эки жүздүүлүктү, той-аш чыгымдарын, жалган убадаларды тамашалуу ыр саптары аркылуу ачып берчү.

Байдылданын жолун улаган калемгер

Рысбаевдин өмүрдөн өтүшү кыргыз адабияты, айрыкча, сатира жанры үчүн чоң жоготуу болду. Аны калемдештери атактуу акын Байдылда Сарногоевден кийинки муундагы бирден бир мыкты сатирик деп эсептешчү. Бүгүн калемгердин үйүндө аза күтүлүп, Карамолдонун көңүлдү эзген “Көкөй кести” күүсү жаңырып, жакындары, калемдештери аны жоктоп турат.

Акындын бир тууган иниси Курманбай Рысбаевдин айтымында, агасы жети жыл мурун инсульт алып, кийин бир топ тыңып калган. Бирок соңку эки жылда кайрадан оорусу күчөп, төшөк тартып калган экен.

Курманбай Рысбаев.
Курманбай Рысбаев.

“Өзү соо жүрүп эле инсульт алып калды. Анан кийинчерээк андан айыкты. Бир - эки жылдай аксап басып жүргөнү менен, биз менен той-топурга жакшынакай эле барып жүргөн. Анан эле соңку эки жылдан бери төшөктөн турбай калды. Кант диабети да күчөп кетти. Биз менен тамашалашып, ал-абал сурашып эле жүрчү. Бирок соңку кездердеги ички арзуу-арманын деле чечилип айткан эмес".

Жолочу Рысбаев.
Жолочу Рысбаев.

Жаштайынан калем кармаган Жолочу Рысбаев Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1949-жылы туулган. 1966-жылы Сан-Таш орто мектебин аяктап, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуу менен Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген.

1975-жылдан баштап узак жылдар Кыргыз телерадиокомитетининде эмгектенип, "Мыскыл жана тамаша", "Шибеге", "Кутмандуу болсун күнүңөр", "Бетке айткандын заары жок" аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк башкы редактор болуп, 1991-жылга чейин Чүй облустук "Сарөзөн" телерадиокорпорациясында башкы редактор болгон. Ал эми 1988-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

2012-жылы "Азаттыкта" сатиралык "Тамашемес" деген бир нече видеоберүү даярдаган. Анда бийлик башындагыларды, белгилүү саясатчыларды кескин сындап, коомдогу терс көрүнүштөрдү, белгилүү адамдардын түрдүү жоруктарын юмор менен жеткирген.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев өзү теңдүү муундун өкүлдөрү Рысбаевдин радиоуктуруулары менен чоңойгонун кеп кылып, сатирик акындын элге калтырган эмгегин эскерди:

“Мен үчүн эки доордогу Жолочу Рысбаев бар. Биз бала кезде “Кутмандуу болсун күнүңөр” радио берүүсү Жолочу агайдын үнү, чыгармалары менен ачылчу. "Мыскыл жана тамаша" да абдан жакшы коюлчу. Ошондо агайдын тамсилдери, ырлары элге тааныш эле. Негизи сатира өтө оор жанр. Аны жазган адамдын учкул ойлору, жумшак юмору күчтүү болушу керек. Сатирачылардын душмандары да көп болот. Байдылда Сарногоевден кийин бул жанрда эмгектенген жалгыз калемгер ушул агайыбыз эле. Бүгүнкү күндүн тамсилчиси да Рысбаев эле. Ал өтө эмгекчил, радиожурналист, акын, тамсилчи катары эсибизде калды. Өтө өкүнүчтүү, оору менен көп алышып калды. Жакшысы президенттен эл акыны наамын алып калды. Бул да мээнетинин акыбети кайтканынын далили. Жакындарына көңүл айтам. Былтыр эле мага эки томдук китебин берип жиберген экен, рахматымды айткам. Эми эмгектери окурмандын жүрөгүндө калат деп ойлойм".

Жолочу Рысбаев президент Садыр Жапаровдон Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамын алып жаткан учур. 2021-ж.
Жолочу Рысбаев президент Садыр Жапаровдон Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамын алып жаткан учур. 2021-ж.

Жолочу Рысбаев Эгемендик доорго чейин “Чырмоок” аталышындагы тамсилдер жыйнагын, “Коңгуроо” аталышындагы сатиралык ырлар, пародиялар жана тамсилдер жыйнагын чыгарды.

Токсонунчу жылдардан кийин “Ой, шумдук!”, “Ап-Чихи!-Чүчүңүз!”, “Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес”, “Ачуу-таттуу аралаш” баштаган бир катар китептери жарык көрдү.

Жолочу Рысбаев.
Жолочу Рысбаев.

"Адамды ыйлатуу оңой, күлдүрүү кыйын"

Белгилүү акын Кыялбек Урманбетов калемдешин жашоодо да ырларындай шайдоот жүргөн адам эле дейт:

“Сатира жазган жагынан бүгүнкү күндүн акыркы могиканы эле. "Бүгүнкү заманда баарын ачык айтууга шарт түзүлүп калды, сатиранын кереги жок" дегендерге каршы болуп жүрдү. Чынында эле азыр адамды ыйлатуу оңой, күлдүрүү кыйын да. Жолочу аганын жүргөн жери шаң эле. Жоро-жолдошторунун арасында да куйкум кептери менен күлкүгө бөлөчү. Мен да ага айтып калчумун "Жүзүмдө канча бырыш болсо ошонун ар бирине сиздин тамашаңыз себеп" деп. Атактуу акындар Байдылда Сарногоев, Эрнис Турсуновдор менен жакын санаалаш болуп, алар менен да өтө тамашалашчу. Ошол эле маалда эч кимден тартынбай айта турган кебин бетке айтчу. Өзүнүн бардык ырларын жатка билер эле. Акын Эркин Тазабеков менен абдан жакын дос болуп, анын өмүрдөн өткөнүнө өтө кейип жүрдү. Азыр мына "Сулууларга суктанууга акым бар" баштаган бир катар обондуу ырлары ырдалып жүрөт. Тойдо көп ырдалган жар-жар ыры да Рысбаевдики".

Жолочу Рысбаев жана Сыймык Бейшекеев.
Жолочу Рысбаев жана Сыймык Бейшекеев.

"Уулунун эрте кеткени чоң күйүт болду"

Кыргыз эл артисти, акындын өкүл баласы Сыймык Бейшекеев анын соңку кездеги санааларын, максаттарын айтып отурду:

“Арманын жан адамга билдирчү эмес. Бирок ошол эле маалда көздөрүнөн муңун көрүп турар элем. Маселен, Медет аттуу уулунун өмүрдөн эрте кеткени ага чоң күйүт болду. Анан көбүрөөк эл турмушун ойлоду, акын-жазуучулардын көйгөйлөрү чечилбей жатканына кейиди. Каркырада көп эс алчу элек, ошондо казак тарапты карап алып "жазуучулардын ынтымагы менен эле чечилчү көп маселе бар" дечү. Элибиз өзөгүн таппай, салт-санаасын чанганына өкүнчү. Чыныгы адабияттын адамы эле, жеке керт башы, жеке көйгөйү үчүн жогору жакка кайрылганын көрбөдүм. Анткени намыскөй адам эле. "Чоңдугуңа чокоюм" деген адамдардын бири болчу".

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев калемдешинин жакындарына кайрат айтып, ага арнап жазган ырын жарыялады:

ЖОКЕме

Жөжө акын да жөн болбогон... изи өчпөйт,

Жөн кылычтын мындайларга мизи өтпөйт.

Жолочу сен, жөн эмессиң билип кой,

Жөн акындын сатирага тиши өтпөйт.

Окшош дешет асылдарга асылды,

Ошон үчүн кыргыз билет атыңды.

Өрдөк мурун болгон менен Мидиндей,

Өрдөгү жок, шумкар ырлар жазылды.

Талант го дейм, сени бөлгөн массадан,

Таланттуулар чындыгында жакшы адам.

Бажырайган сүрөтүңдү көрсөм дейм,

Байымбеттин сүрөтүндөй акчадан.

Балким Жоке, досуң жоктур банкирден,

Байлыкты сен таптың бирок кемпирден.

Крышасын орус коомдон табалбай,

Крылов да даңкты тапкан тамсилден.

Бассак басып, учсак бирге учалы,

Бардаңкеңден ата бергин бутаны.

Ай чапчыган адамдардан эмнең кем,

Акимдерден ала бергин буканы.

Жүрөктөгү ырың сенин моторуң,

Жүрүп турсун стук чыкпай ошонуң.

Таарынбагын Аяш, анан көп болсун,

Тамсил менен сатирадан токолуң!

Айлың аман, айлыңдагы төр аман,

Аласалып оонап жаткан көл аман.

Аман жүрүү кыйын болгон заманда,

Алтымышка чыга бербейт жөн адам.

Элиң аман, эл сыйлаган төр аман,

Эл деп толкуп, эл деп жаткан көл аман.

Мыктысынан мылтыгы көп заманда,

Мындай жашка чыга бербейт жөн адам.

Атагы зор, алтыны жок асыл баа,

Алты ыр тапса чыгып кетип чатырга.

Түшпөй койгон жинди жоктур дүйнөдө,

Азап, азап... аял болгон акынга.

Аялдардын улуулугу затында,

Аял болуш андан улуу акынга.

Бейшекандын канча чачын ак чалса,

Так ошончо Жолочу бар чачында.

Асыл курбум! Ачуу-таттуу тилинин,

Арасында жүргөндөрдүн биримин.

Аман болгун, кабыланы тамсилдин,

Алп Мидиндин артындагы Мидиним!

Көл башында алыс жаткан айлыңдан,

Көкө теңир ушул жерге алдырган.

Аман болгун сатиранын көкжалы,

Байдылданын түбүн ичкен Байдылдам! - деп, алтымышка чыкканда арнап жаздым эле.

Арман дүйнө, аттиң дүйнө! Жоке, эми жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Артыңда эл үчүн жазган ырларың калды, Бейшеканың калды. Ошолордун боосу бекем болсун!

Жолочу Рысбаев.
Жолочу Рысбаев.

Белгилүү сатирик Жолочу Рысбаев 2019-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы менен сыйланган.

75 жашында өмүрдөн өткөн эл акынынын жакындарынын айтымында, маркум калемгер менен коштошуу зыйнаты 2 - май күнү саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театрынын алдында өтүп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Калемгердин артында жубайы, бир уул, эки кызы калды.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Тектеш

XS
SM
MD
LG