Кечээ, 30-апрелдин кечинде Тбилиси шаарында Грузия парламентинин имаратынын алдында полициянын атайын күчтөрү "Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө" мыйзам долбооруна (бул мыйзам Кыргызстанда "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзамы катары белгилүү - ред.) каршы акцияга чыккандарга атайын каражаттарды колдонду.
Кагылышуу маалында күч түзүмдөрү суу аткычтарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды, калемпир газын, ошондой эле резина ок колдонгону кабарланды.
Оппозициянын жыйырмадан ашык өкүлдөрү Руставели проспектисинде нөөмөттө турган "тез жардам" машинелеринин дарыгерлерине кайрылды. Жабыр тарткандар көзү жарым-жартылай көрбөй калганына даттанышкан.
Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүктөрү митингге чыккандарды парламент имаратынын жанынан толугу менен сүрүп чыгарды. Ондон ашык адам кармалды. ИИМ акциянын катышуучулары "сөз эркиндигинин чегинен чыгып, полицияга каршы күч колдонуп жиберди" деп билдирди.
30-апрелде Грузия парламенти өлкөдө массалык нааразылык жараткан "чет элдик агент жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, бирок аны кабыл ала алган жок. Иш кечке чейин созулуп, талкуу шаршембиге, бүгүнкүгө жылдырылган.
Полиция депутаттарды имараттан араңдан зорго чыгарды, себеби акциянын катышуучулары имараттын бардык чыга бериш эшиктеринде "Грузин кыялы" бийликчил партиясынын депутаттарына "абийир коридорлорун" уюштуруп, аларды уяткарышмак болду.
Акцияга Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймылы", "Лело" партиясынын жана башка оппозициялык күчтөрдүн лидерлери катышты. Алардын айтымында, "орус мыйзамынын" кабыл алынышы жарандык коомго каршы репрессияны мыйзамдаштырып, Грузияны демократиялык жолдон чыгарып, "Орусиянын басып алышына" алып келет.
Документти сындагандар аны Орусиянын окшош мыйзамынын көчүрмөсү деп, Кремль аны оппоненттердин оозун жабуу үчүн колдонуп жатканын баса белгилешти.
Батыш Грузия парламентинде талкууланып жаткан мыйзам долбоору жарандык коомду көзөмөлдөө максатын көздөй турганын эскертүүдө.
29-апрелде АКШнын эки таасирдүү депутаты Жерри Коннолли жана Остин Скотт грузин бийлигин талаштуу мыйзамдарды кабыл алуудан баш тартууга үндөштү. "Путин бул мыйзамды Орусияда сөз эркиндигин кескин чектеп, жарандык коомду иш жүзүндө жок кылып, катаал диктатордук бийлигин андан ары бекемдөө максатында колдонгон", - деп белгилешти алар.
29-апрелде "Грузин кыялы" бийликчил партиясы мыйзам долбоорун колдоп ири акция өткөрдү. Анда сөз сүйлөгөн миллиардер, экс-премьер жана "Грузин кыялынын" негиздөөчү Бидзина Иванишвили чет элдик чалгын кызматтарын өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат деп айыптады.
Эгер мыйзам кабыл алынса, чет өлкөдөн каражат алгандар "чет элдик агент" катары каттоодон өтүшү керек болот.
Грузия өткөн жылдын декабрында Европа биримдигине кошулууга мүмкүнчүлүк алган, шаркет эгер бул мыйзам кабыл алынса, өлкө биримдикке мүчө болбой калышы ыктымал деп билдирди.