Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:00

Ош жана Кара-Суу округдарында алдын ала 577 жаран добуш берди


Бир мандаттуу Ош шайлоо округундагы добушканалардын бири.
Бир мандаттуу Ош шайлоо округундагы добушканалардын бири.

Бир мандаттуу Ош жана Кара-Суу шайлоо округдарында алдын ала, шайлоо участкасынан сырткары 577 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады. Ага ылайык, улгайгандыгы, ооруп жатканына байланыштуу жана майыптыгы бар адамдардан эки округдан жалпысынан 687 арыз түшкөн. Ош округунда мындай өтүнүч калтыргандар басымдуу (488 жаран) болгон.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого байланыштуу Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылды. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулду жана шайлоочулардын саны 125 миңден ашат.

Бишкек шаарынын административдик соту 27-апрелде БШКнын №7 Ош бир мандатуу округунан талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарган.

БШК Эргешовду 26-апрелде жарыштан четтеткен. Буга башка талапкерлердин аны административдик ресурс колдонууга айыптаган арызы негиз болгон.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков айрым аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер Эргешовдун штабында жүргөнү тууралуу видео жарыялаган.

Бул видео чыккандан кийин мэрияда атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргөн жана анын чечими менен айрым кызмат адамдары жазага тартылганы белгилүү болгон.

Бүгүн, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Жалпысынан үч округда 29 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG