Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:58
Ош шаары. 28-апрель, 2024-жыл
Ош шаары. 28-апрель, 2024-жыл

Үч округдагы шайлоо: Ошто добуш сатып алуу боюнча арыздар түштү

Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо башталды. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.

Буга алардын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштары себеп болгону айтылган.

16:03 28.4.2024

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу үч округда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо саат 12.00гө карата добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Баткен шайлоо окуругунда 10 484 адам (9,33%), Ош округунда 8926 адам (7,12; ) жана Кара-Суу округунда 6900 шайлоочу (6,16%) добуш берди.

12:50 28.4.2024

Үч округ боюнча 29 талапкер ат салышууда.

№2 Баткен округу боюнча - 10 талапкер;

№ 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча - 7 талапкер;

№7 Ош шайлоо округу боюнча - 12 талапкер (анын бирөө гана аял).

12:46 28.4.2024

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу үч шайлоо округунда саат 10.00гө карата добуш бергендер тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Баткен шайлоо окуругунда 3649 адам (2,25%), Ош округунда 4075 адам (3,25) жана Кара-Суу округунда 3295 шайлоочу (2,94%) добуш берди.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылды. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулду жана шайлоочулардын саны 125 миңден ашат.

Баткен округунда 81 добушкана ачылды, шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат. Бул округдан 10 талапкер ат салышып жатат.

Бүгүн, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Жалпысынан үч округда 29 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.


Кыргызстанда буга чейинки шайлоолор дагы солгун өтүп келген.

12:43 28.4.2024

Баткенде саат 12ге карата алынган маалымат боюнча шайлоочулардын катышуусу 9,3 пайыз түздү.

БШКнын Баткендеги өкүлчүлүгү азырынча мыйзам бузуу же башка маселе боюнча арыз-даттануу түшпөгөнүн билдирди.

Баткен бир мандаттуу округундагы парламент депутатын шайлоо. 28-апрель, 2024-жыл
Баткен бир мандаттуу округундагы парламент депутатын шайлоо. 28-апрель, 2024-жыл

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG