Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

УКМКнын өкүлү ТикТок мыйзам чегинде бөгөттөлгөнүн айтты


ТикТок тиркемеси.
ТикТок тиркемеси.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев өлкө аймагындагы ТикТоктун бөгөттөлүшү мыйзам чегинде ишке ашырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 22-апрелде парламенттеги тармактык комитет жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбековдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Жаш балдардын кызыкчылыгын коргоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошонун негизинде тийиштүү органдар чечим чыгарды. Мыйзамдын негизинде ишке ашырылды деп эсептейм”, - деди атайын кызматтын өкүлү.

Депутат Айдарбеков жалпы коомчулукка тийишүү маселелер эл менен талкууланып чечилиши керек экенин белгиледи.

16-апрелде коомчулукка Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TикТок социалдык желесин бөгөттөө боюнча кат жөнөткөнү белгилүү болгон. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кат жолдогон. Анда кыргыз сегментинде айрыкча балдар үчүн контенттерге көзөмөл болбой жатканы айтылган.

Өлкөдөгү интернет-провайдерлер Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каты боюнча комментарий бере элек. 18-апрелден тартып айрым интернет-провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай же үзгүлтүккө учурап жатат.

Кыргыз бийлиги ТикТок соцтармагын бөгөттөөгө буга чейин да аракет кылган. 2023-жылдын 30-августунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда TikTok'ту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүшүнө, саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG