Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 21-апрель саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптады.
Мекеме бул аймактагы кырдаалды жөнгө салууга райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 65 кызматкер тартылып, тазалоо жумуштары башталганын билдирди.
Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынын жана министрликтин 10 инженердик техникасы тартылып, ички жолдорду, сел каналдарын, короо-жайларды тазалоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.
20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган.
Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолунда сел автоунааны агызып, бир адам каза болгон. (BTo)