Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:07

Серб республикасы Сребреницадагы окуяны геноцид деп таануудан баш тартты


Сребреницадагы окуяда каза болгондорду эскерүү тактасы.
Сребреницадагы окуяда каза болгондорду эскерүү тактасы.

Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) парламенти Босния согушу маалында Сребреница шаарында серб күчтөрү 8 миңдей мусулманды өлтүргөн окуяны геноцид эмес деп тааныган баяндаманы колдоду. Бул чечим эл аралык соттордун бүтүмүнө каршы келерин 18-апрелде “Америка добушу” жазды.

1995-жылдын 11-июлунда 1992-1995-жылдардагы Босния согушунун соңунда босниялык сербдердин куралчан топтору Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) “коопсуздук зонасы” деп жарыялаган Сребреница анклавына кирип барган. Бир нече күндөн кийин Сребреницада 8 миңге жакын мусулман эркек киши жана балдар өлтүрүлгөн.

БУУнун Гаагадагы Эл аралык трибуналы мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштарын иликтеп, бул окуяны геноцид деп тааныган.

2007-жылы Эл аралык сот бул чечимди тастыктаган.

Серб республикасынын парламентинин соңку кадамы Сербия жана Серб республикасы Сребреницадагы геноцидди эскерүү күнүн бекитүү тууралуу резолюцияга каршы өнөктүк жүргүзүп жаткан чакта жасалды. БУУнун талкууланып жаткан резолюциясынын долбоору уюмдун Башкы Ассамблеясында добушка май айынын башында коюлганы жатат.

"Геноцид болгон эмес, мындай квалификация четке кагылышы керек. Серб эли эч кандай геноцид жасаган эмес, – деди парламенттеги сөзүндө босниялык сербдердин лидери, Орусияга ыктаган саясатчы Милорад Додик.

Сербиянын президенти Александр Вучич БУУда мындай резолюциянын кабыл алынышына каршы күрөшөрүн өткөн аптада билдирген. Расмий Белград резолюция Босния жана Герцеговина мамлекети босниялык сербдердин аскердик союздашы болгон Сербиядан репарация талап кылышына негиз болуп бериши ыктымал деп кооптонууда.

Жыл сайын 11-июлда АКШда Сребреницадагы геноциддин курмандыктары эскерилип келет. Эгер резолюция Башкы Ассамблеяда колдоо тапса, эскерүү күнү эл аралык деңгээлде уюштурулуп турат.

Токсонунчу жылдардын башында мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улут аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, миллиондогонун үй-жайсыз калтырган.

18-апрелде Баня-Лука шаарында резолюцияга каршы митинг өттү. Анда айрым демонстранттар Орусиянын президенти Владимир Путиндин да сүрөтүн кармап турушту. (RK)

XS
SM
MD
LG