Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында депутат Исхак Масалиев “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун сотунда прокурордун келтирген өтүнүчүн сынга алды. Ал мындай пикирин парламентте отчет берип жаткан баш прокурор Курманкул Зулушевге багыттап, айыптоочу тараптын Мадумаровду абакта кармап туруу боюнча сунушу негизсиз болгонун айтты.
“Мен тарыхта мындайды биринчи жолу көрүп атам. Сиздин кесиптешиңиз, айыптоочу тараптын кызматкери соттун чечими күчүнө кирмейинче анын бөгөт чарасын өзгөртпөй турууну суранып жатат. Сот буга макул болду. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 359-беренесинде кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза каралбаса, ал ошол замат эркиндикке чыгыш керек болчу. Соттун чечимин биз карай албайбыз, бирок прокурордун берген сунушун сиз карай аласызбы?”, - деп Масалиев Зулушевге суроо узатты.
Баш прокурор сотко катышкан ар бири айыптоочу келтирген сунуштары, сүйлөгөн сөздөрүн жазып, каттап турушарын, Мадумаровду абакта калтыруу сунушу боюнча маалыматы жок экенин билдирди.
26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго чечим чыгарып, аны иш боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргиче Мадумаров абакта калган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Адахан Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда кармаган. Ошондон бери ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Депутат өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган.
Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.
Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.
Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтаруу өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев шек саналып жатат.