Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:32

Азия чемпионаты: балбан Акжол Махмудов финалга чыкты


Акжол Махмудов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2023-ж. Сербия.
Акжол Махмудов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2023-ж. Сербия.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 15-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга чыкты.

Грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмак боюнча ал чейрек финалда казакстандык балбан Ибрагим Магомадовду 3:3 эсебинде жеңди (акыркы баллды кыргызстандык балбан алгандыктан жеңиш Акжол Махмудовго берилди). Жарым финалда ирандык Амир Али Абди менен кез келип, беттеш 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда аяктады. Эми финалда жапондук балбан Нао Кусака менен алтын медал үчүн күрөшөт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Акжол Махмудов 15-апрелде 25 жашка чыкты. Ал Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж., 2022-ж., 2023-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.), кадеттер (уландар) арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.).

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Буга чейин эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медал алышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG