Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:56

Израил Ирандын соккусунан коргонууга даяр экенин билдирди


Ирандын Дамаск шаарындагы элчилигин алдында токтоп турган "Тез жардам" автоунаасы. Консулдукка жасалган соккудан кийин тартылган сүрөт. 2-апрель, 2024-жыл. Сирия.
Ирандын Дамаск шаарындагы элчилигин алдында токтоп турган "Тез жардам" автоунаасы. Консулдукка жасалган соккудан кийин тартылган сүрөт. 2-апрель, 2024-жыл. Сирия.

Израил армиясы Ирандын ыктымал соккуларынан өлкөсүн коргоого жана жооп чара көрүүгө даяр экенин билдирди.

11-апрелдеги билдирүүгө караганда, эгер Тегеран Сириядагы консулдугуна жасалган чабуул үчүн өч алгысы келсе, ушундай чара көрүлөт.

Апрель айынын башында Сириянын Дамаск шаарындагы консулдугуна жасалган соккуну Тегеран Израилден көрүп келет. Анда 16 кишинин өмүрү кыйылган, анын ичинде Иран революциясынын сакчылар корпусунун эки генералы жана беш мүчөсү болгон.

Израил бул боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

Ирандын Жогорку Руханий лидери аятолла Али Хаменеи 10-апрелде консулдукка жасалган чабуул үчүн Израилден өч алышарын эскерткен.

Буга чейин ушундай маанидеги эскертүүлөрдү Ирандын президенти Эбрахим Раиси да жасаган.

Чыңалуунун күч алышы эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун жаратып, Газа тилкесиндеги ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму менен Израилдин ортосундагы уруш Жакынкы Чыгышка толук жайылып кетет деген кооптонуу жаратты.

Мындан улам Израилге шашылыш АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командычылыгынын жетекчиси, генерал Майкл Курилла 11-апрелде барды.

Ал Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен “аймактагы коопсуздук тармагындагы актуалдуу коркунучтарды” талкуулаганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG