Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Корумду - Балбай жолунун курулушу башталды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Ысык-Көлдө. 12-апрель, 2024-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Ысык-Көлдө. 12-апрель, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 12-апрелде Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай тилкесин реконструкциялоонун башталышы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаровдун сөзүнө караганда, автоунаа жолун салууга 111,07 миллион доллар керектелет. Каражатты Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонддору берет. Калган 12,8 млн доллар бюджеттен бөлүнгөн.

Реконструкция боло турган жолдун узундугу 79,3 чакырым. Долбоордун алкагында төрт тилкелүү жол, тротуар, жалпы узундугу 79 697 м болгон веложол, аялдамалар, 14 көпүрө жана 877 суу өткөргүч сыяктуу жасалма курулмаларды куруу, анын ичинен жөө адамдар үчүн жер астынан эки өтмөк, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү үч көпүрө куруу каралган. Долбоорду 2025-жылы аяктоо пландалууда.

Ысык-Көлдү айланма жолдун узундугу 440 чакырым. (BTo)

XS
SM
MD
LG