Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Ур-токмоктон каза болгон Айкыздын күйөөсүнүн соту өтүп жатат


Маркум Айкыз Калмурза кызы
Маркум Айкыз Калмурза кызы

Кадамжай райондук сотунда бүгүн, 12-апрелде күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон Айкыздын иши боюнча сот башталды.

Бул тууралуу маркумдун жакындары "Азаттыкка" билдирди.

2-январда Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин ур-токмоктон каза тапкан.

Милициянын маалыматындп, аны күйөөсү көчөдө муунтуп өлтүргөн. Маркум Айкыз Калмурза кызы былтыр жайында күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканага түшкөнүн жакындары “Азаттыкка” билдирген. Баткен облустук милициясы былтыркы зомбулук окуясы боюнча арыз Кадамжай райондук милициясында катталып, бирок кылмыш иши козголбогонун ырастады. Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, күйөөсү кармалган. Маркумдун алты жана үч жаштагы кыздарды калган.

4-апрелде Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 34 жаштагы келин каза тапты. Кылмышка шек саналып анын 33 жаштагы күйөөсү кармалган. Ушул эле күнү Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 52 жаштагы тургуну 37 жаштагы аялды өлтүрүп, тогуз күндөн кийин сөөктү таштандыга ыргытып кеткен.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары байма-бай катталып, айрымдары өлүм менен аяктайт. WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялаган.

Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG