Үйлөрүн суу каптаган Атырау облусундагы Күлсары шаарынын жана Костанай облусунун жашоочулары турак жай маселесин батыраак чечүүнү талап кылышты. 10-апрелде суу ташкындын айынан эвакуация болгондордун саны 97 миңден ашты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын макаласын сунуштайбыз.
"Үй жараксыз болуп калды"
Күлсарыда суу ташкындан жабыркаган 50дөн ашуун адам 10-апрелде Жылыой районунун акимиятына келишти. Алар өкмөттөн жана жергиликтүү бийликтен үйдү калыбына келтирүүнү же кайра куруп берүүнү талап кылышты. Бирөөлөр ремонтко макул болсо, башкалары жаңы үй керектигин айтышты. Адамдар баарынан да суу шаардан анча алыс эмес көрүстөндү каптаганына кабатыр болушууда. Буга түшүнсө болот: 9-апрелде мүрзөдөгү сөөктөр сыртка калкып чыкты. Күлсарынын жашоочулары мындан улам аймактагы санитардык-эпидемиологиялык абал начарлайт деп чочулашууда.
"Суу менин үйүмдүн терезесине чейин чыкты. Үй мындан ары жашаганга жараксыз. Мага башка жактан турак жай беришсин, качанга чейин көчүп жүрөбүз?", - деди Күлсарынын тургуну Кокеш Алиева.
Жылыой районунун акимиятына келгендер акимге өз көйгөйлөрүн жеткирүүгө аракет кылышты. Алар эч мыдыры жок, насыяга алган эмерек жана техникалары суу астында калганын айтып даттанышты.
"Адамдар туш-тушка чачырады. Качанкыга чейин ушинтебиз? Жаңы үй куруп, чыгашанын ордун толтурушсун", - деди Күлсарынын жашоочусу Жанар Шудабаева.
Акимиятка жардам сурап келген ардагер Куттыбай Айтешов өзүнүн жана уул-келининин үйү суу астында калганын айтты:
"Болгон мүлкүбүз суу астында калды. Өз үйүбүзгө күзгө чейин кире алабызбы же жокпу, билбейм. Балдарым кайда жашайт? Эгер үй ремонттоло турган болсо, оңдошсун, андай болбосо, жаңы турак жай менен камсыздашсын. Мен үйүмдү пенсияма оңдой албайм. Эгер бийликтегилер оңдоп беребиз десе, макулмун", - деди ал.
Жылыой районунун акимиятынын кире беришинде бул күнү төрт кызматкер отуруп, бири суу астында калган үйлөрдүн ээлеринин дарегин жазып жатты. Жылыой районунун акими Жумабек Каражанов күлсарылыктардын арыз-муңун укканы менен, эл турак жай маселесин көтөрө баштаганда, өкмөттүн токтомун бетке кармады.
"Үйлөрдү суу каптаган учурга жараша өкмөт токтому бар. Ал эрежелерге ылайык, мамлекет чыгымды толук төлөп берет. Бул менин жеке убадам эмес, бул мамлекеттин мыйзам менен бекитилген принциби. Көйгөй ошол эрежелерге жараша жөнгө салынат. Азыр биздин алдыбызда шаарды суудан тазалоо иши турат. Бул үчүн жан үрөп жатабыз", - деп билдирди "Азаттыкка" район акими.
Акимиятка келген эл так жооп албаганына нааразы болушту. Алар бардык маалыматтар ачык болушун талап кылышты.
Күлсарыны суу 5-апрелде каптай баштаган. Расмий маалымат боюнча, ташкынга коңшу Актөбө облусундагы Мугалжар тоосундагы кар кескин эригенден улам Жем дарыясындагы суунун киргени себеп болгон. Атырау облусундагы өзгөчө кырдаалдар штабынын 10-апрелдеги маалыматында айтылгандай, Күлсарыдан 36 миң адам эвакуация болду. Аларды Мангыстау облусундагы Тенгиз кыштагына жана Атырау шаарына алып барышты.
Күлсарыда 2800 үйдү суу каптаган.
"Биз силерди көчөдө калтырбайбыз"
Костанайдан жети чакырым алыс Алтынсарин айылында да ушундай эле кырдаал өкүм сүрүүдө. 10-апрелде суу ташкынынан жабыркаган айыл тургундары бийликтен кайда жана кантип жашоону чечип берүүнү талап кылды.
Элдин сөзүн угууга Костанай районунун акими Берик Танжариков жана мажилис депутаты Екатерина Смышляева келди.
Аким суу астында калган үйлөр тууралуу гана айтып, жаңы курула турган турак жай маселесине келгенде ооз ачпады. Жашоочулар кыйкырып, өз талаптарын айтып жатышты, көбү суу каптабай турган жерде жашоону кааларын билдиришти.
"Мамлекет биздин үйдүн кийин дагы чөгүп кетпесине кепилдик бере алабы?" - деп сурашты алар. Аким Танжариков: "Келгиле, азырынча үйлөрдү калыбына келтирели, андан кийин суу ташкындан коргонууну ойлонобуз", - деди.
Танжариков суу тартылгандан кийин комиссия, баалоочулар жана техникалык эксперттер бузулган үйлөрдү кыдырып текшере турганын билдирди. Эгер текшерүү маалында үйдүн турпаты бузулбаса, оңдолорун айтты.
"Эгер силерди биз чакырган баалоочулар жана комиссия канааттандырбаса, өзүңөр башкасын чакырсаңар болот", - деген аким жараксыз абалга келген үйлөрдү кайра курушарын кошумчалады.
Мажилис депутаты Смышляева айылдыктарга "апааттын эки себеби бар: бири табигый, экинчиси кол менен жасалган" деп айтты. Адамдар Костанайдагы кырсыкты "табигый кубулуш" дегенге макул болушкан жок. Алар суу ташкынды болтурбай коюуга болот эле деп эсептешет. Мындан кийин депутат "мамлекет баарын кыла турганын" айтты.
Бул райондогу суу ташкындар Рудный шаарындагы Каратомар суу сактагычына агып кирген суу көбөйгөндөн улам болду. Суу сактагычтагы суу Тобол дарыясына куюлуп, ташкынга себеп болгон.
Костанайдын акими Берик Танжариков элди тынчтанууга чакырды. "Биз силерди талаада калтырбайбыз, мындай болбойт", - деди ал. Ал муну менен катар Алтынсариндин жашоочуларына техникалык текшерүү болмоюнча үйүнө кирбей турууну эскертти.
Күлсары жана Костанай облусундагы суу ташкындан жабыр тарткандардын бийликке койгон талаптарынан улам табигый кырсыктарга байланышкан өзгөчө кырдаалда чыгымдын (зыяндын) ордун толтуруу эрежесин түшүндүрүштү. Эрежелер 2024-жылдын 19-декабрындагы токтом менен бекитилген.
Ага ылайык, чыгымды төлөө тууралуу арыз түшкөндөн кийин акимият аны 15 сутка ичинде карап чыгат. Он күн ичинде келтирилген чыгым эсептелет. Төлөм чыгымдын ордун толтуруу чечими чыккандан кийин отуз күн ичинде жүргүзүлөт.
"Петропавловскиге карай чоң агым баратат"
Бир канча жылдан бери ташкын менен алышып келген аймактарга Түндүк Казакстанды да кошсо болот. Аймактын акими Гауез Нурмухамбетов 10-апрелде Петропавловскиге карай Есил дарыясынын суусу капташы мүмкүн экенин айтты. Анын маалыматы боюнча, Есилдин жээгиндеги калктуу конуштар коркунучта. "Болжол менен эки күндөн кийин суу облус борборуна жетет. Прибрежное жана Тепличное айылдары, Заречный кыштагынын суу астында калуу коркунучу бар", - деди ал.
Чыгыш Казакстан облусунда Жайык (Урал) дарыясы кирип жатат. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына ылайык, Орусиянын Казакстан менен чектеш Оренбург облусунда өткөн жумада Жайыктын суусу ташып, дамбаны жырып кеткен. Чыгыш-Казакстан облусунун өзгөчө кырдаалдар департаментинин өкүлү Нуржан Толеуш Орол шаарынын жети районундагы элди эвакуациялоо уланып жатат. Акимияттын маалыматы боюнча, бул облуста 706 дача жана 500 үй суу астында калып, 12,9 миң адам эвакуация болгон.
ӨКМдин 10-апрелдеги маалыматында суу ташкындан улам 96,4 миң адам эвакуация болду. Суу ташкынынын кесепетин жоюу үчүн 24 миң адам тартылган.