Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:17

Министрлик Кыргызстанда холера коркунучу жок экенин билдирди


Холеранын козгогучтарынын микроскоптон көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Холеранын козгогучтарынын микроскоптон көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда холера оорусу боюнча коркунуч жок экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева 11-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстандын Алматы шаарында холера аныкталган кыргызстандык менен чогуу келген адамдардан анализ алынып, баары таза чыккан.

“Азырынча коркунуч жок. Учакта аны менен чогуу келгендерден анализ алынып, баарынын жыйынтыгы терс чыкты. Бул байланыш самолетто болгон, анда жүргүнчүлөрдүн ар бирине өзүнчө идиште суу берилет, аралык сакталат. Ошол себептүү мындай шартта холера жугуусу кыйын. Ага карабай, дагы бир жолу ынануу үчүн анализ алдык. Холера менен ооруганы аныкталган бейтап Кыргызстанга келе элек, ошол жакта дарыланып жатат”, - деди Арыкбаева.

Казакстандын санитар-карантин көзөмөл кызматы 4-апрелде Индиянын Дели шаарынан Алматыга Air Astana аба компаниясынын учагы менен келген кыргызстандык аялдан холера аныкталганын билдирген.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран Алматы аркылуу мекенине учуп келмек. Казакстандын санитардык карантин көзөмөл кызматкерлери анын жугуштуу ооруга кабылганынан шек санап, иликтөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында бейтап холерага чалдыкканы аныкталган.

Дарыгерлер ага жакын отурган жүргүнчүлөрдү жана экипаждын сегиз мүчөсүн да лабораториялык изилдөөдөн өткөрүшкөн. Алардын баары шаардагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлер учактагы башка жүргүнчүлөрдүн баарына маалымат берип, оорунун кандайдыр бир белгилери байкалса, дароо ооруканага кайрылууну сунушташкан.

Учакта дезинфекциялоочу иш-чаралар жүргүзүлүп, учак 5-апрелдин кечинде кийинки каттамга коё берилгенин Air Astana аба компаниясы Казакстандын "Тенгриньюс" сайтына маалымдаган.

  • Холера - адамдын ичеги-кардын катуу сезгентип, курч кармаган жугуштуу оору. Оорунун булагы болуп оорулуу киши же анын козгогучун алып жүрүүчүлөр эсептелет. Кайнатылбаган суу ичкенден, оорулуу колдонгон буюмдарын кармаганда жугат. Холеранын суу менен таралышы айрыкча коркунучтуу. Агын сууларга түшкөн вибриондор тез көбөйөт. Аларды ичкен, сууга түшкөн, кир чайкаган жана башка керек-жаракка жумшаган учурда ылаң жайылып, эпидемияга айланат.

XS
SM
MD
LG