Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:58

Мас абалында рулга отурган 2800 айдоочунун күбөлүгү алынды


Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрининин орун басары Эркебек Аширхожаев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жыл башынан бери мас болуп автоунаа айдаган 2842 айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылганын билдирди.

Министрдин орун басары мыйзам кабыл алынган 2023-жылдын март айынан бери жалпы канча айдоочунун мас абалында автоунаа айдаганы үчүн күбөлүгү алынганын тактап, кийин маалымат берерин айтты.

2023-жылдын 8-мартынан тартып айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Мисалы, мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.

Айдоочулук күбөлүгү жок машине айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Жол эрежесин үч жолу кайталап бузган бир катар айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG