Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:05

Хания уулдарынын өлүмү Газа сүйлөшүүлөрүнө таасир этпей турганын айтты


Исмаил Хания.
Исмаил Хания.

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидерлеринин бири катары белгилүү Исмаил Хания үч уулу Израилдин чабуулунан каза болгон окуя Газа секторундагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизбей турганын бүгүн 11-апрелде билдирди.

Катарлык «ал-Жазира» телекомпаниясына курган маегинде Хания бул соккудан төрт небереси да мерт кеткенин айтып, чабуулдун максаты ХАМАСтын Газа боюнча сүйлөшүүлөрдөгү позициясын өзгөртүү аракети болгонун кошумчалады.

Газада абадан жасалган соккусунан Ханиянын уулдары Амир, Мохаммед жана Хазем өлтүрүлгөнүн Израил армиясы (ЦАХАЛ) 10-апрелде тастыктаган жана аларды согушкерлер, ХАМАСтын мүчөлөрү деп атаган.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинен аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүргүзүлүп келаткан тынчтык сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) сектордо жалпысынан 33 миңден ашуун палестин жай тургуну набыт кеткенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG