Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24

Байден Израилди коргоого даяр экенин билдирди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Израилди «темирдей чечкиндүүлүк» менен коргой турганын билдирди. Соңку күндөрү Ирандын 2-апрелде Сириядагы консулдугуна чабуул койгону үчүн Израилге жооп катары сокку урары тууралуу сөздөрүнө байланыштуу Вашингтон кооптонуусун билдирүүдө.

The Guardian басылмасы Израил да жооп кайтарууга даяр экенин билдирип жатканына, эгер ошондой кырдаал жаралса, аймакта согуш чыгышы ыктымал экенине көңүл бурууда. Басылма жарыялаган макалада америкалык расмий адамдардын былтыр 7-октябрда Газа секторунда согуш тутанган күндөн тартып мындай ыктымалдык алгачкы жолу жогорку чекке жеткени тууралуу кооптонуусу айтылды.

Байдендин соңку билдирүүсү Вашингтондун Иранды токтотууга даяр экенине ишарат катары бааланууда.

Анын алдында Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи Сириянын борбору Дамаск шаарындагы Иран өкүлчүлүгүнө жасалган чабуулу үчүн Израилге жооп кайтарыларын билдирген.

2-апрелде коюлган авиа чабуулдан 12 киши, анын ичинен Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» генералы, «ал-Кудс» атайын багыттагы бөлүгүнүн негизги командирлеринин бири Мохаммад Реза Захеди өлтүрүлгөн.

Ирандын ыктымал соккулары Израилге гана эмес, АКШнын бир нече өлкөдөгү элчилигине карата да жасалышы ыктымал экени кабарланып жатат.

Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа секторундагы согуш боюнча саясатын 9-апрелде «катачылык» деп атаган. Ал Израилдин Газадагы чабуулдарын «ылгабаган» деп, ал эми аскердик аракеттерин «аша чапкан» деп да баалаган.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. ХАМАС 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) сектордо жалпысынан 32 миңден ашуун палестин жай тургуну набыт кеткенин билдирүүдө.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант соңку билдирүүсүндө израил аскерлери ХАМАСты жок кылыш үчүн бардык жерге жетерин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG