Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:40

Депутат билим олимпиадаларына көңүл буруу зарылдыгын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров өлкөдө билим жаатындагы эл аралык олимпиадаларга окуучуларды даярдоо жана жиберүү иштерине көңүл бурулбай калганын билдирди. Депутат бул боюнча 11-апрелдеги сессияда атайын баяндама жасап, спорт федерациялары сыяктуу эле билим боюнча эл аралык сынактарга даярдаган уюм да түзүүнү сунуштады.

“Кыргызстанда спортко 2023-жылы 1,5 миллиард сом бөлүнүптүр. Чындыгында жакшы жыйынтык болуп жатканын баарыбыз билебиз. Бирок бизде жакшы макал бар эмеспи, “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди чыгат” деген. Кыргызстанда буга көңүл бурулбай калганын көптөгөн эл аралык олимпиадалардын катышуучулары айтып жатат. Мисалы, былтыр илимий олимпиадаларга болгону 12 млн сом бөлүнүптүр. Кыргызстанда Жогорку технологиялар паркы деген бар. Былтыркы пайдасы, экономикага салымы 100 млн доллар болду. Быйылкы божомол боюнча 200 млн доллар болот дейт. Бул Кыргызстандын айыл чарбасынын экспортуна барабар. Анда 3 миңдей киши иштеп, казынага 500 млн сомдой акча төгүшүптүр. Ошол жердеги жигиттер - эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү”, - деди Абакиров.

Депутаттын маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча 12 сабактан эл аралык олимпиада болсо, Кыргызстан беш сабактан гана катышат. Эл аралык сынактарга даярдоого өлкөдө 10 миң долларга жетпеген акча бөлүнөт. Абакиров Казакстанда “Дарын” деп аталган олимпиадага даярдоо борбору бар экенин жана ага казынадан 1 миллион доллар бөлүнөрүн айтты. Ал эми Өзбекстанда өзүнчө ачылган департаменттин бюджети 1 миллион 600 миң доллар экенин кошумчалады.

Кыргызстанда жыл сайын Улуттук олимпиада өтөт. Ага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Окуучуларга улуттук олимпиадага жана республикалык олимпиадага дагы катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасын түзүү максатында олимпиада өткөрүп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG