Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

Тажикстан Италияда кармалган жараны тууралуу маалымат берди


Видеодон алынган скриншот.
Видеодон алынган скриншот.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Италияда тажик жараны кармалганы тууралуу медиада тарап жаткан маалыматтарга комментарий берди. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, Рудаки районунун 32 жаштагы тургуну Илхом Сайрахмонзода Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен Римде кармалды.

"Жогоруда аты аталган адам 2018-жылдын июль айынан бери бир катар террористтик-экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн расмий издөөдө жүргөн", - айтылат билдирүүдө.

Учурда Сайрахмонзоданы Тажикстанга экстрадициялоо чаралары көрүлүп жатат.

Италиянын полициясы Тажикстандын жараны он жыл мурда Сирияга согушуу үчүн барганын жана ал жерде "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна (ИМ) ант бергенин маалымдаган. Ал 8-апрель күнү эртең менен Эйндховенден (Голландия) учуп келери менен Римдеги "Фьюмичино" аэропортунда кармалган.

Италия полициясынын маалыматында айтылгандай, ал ИМдин ишине катышкан деген айып менен издөөдө жүргөн жана Өзбекстан, Кыргызстан, Украина жарандарынын бир нече жасалма паспортун колдонгон.

Италиянын ички иштер министри Маттео Пиантедоси тажик жаранынын кармалышын "полициянын талыкпаган ишинин маанилүү натыйжасы" деп атады.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу ондон ашык шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши "терактты түздөн-түз ишке ашырууга" шек саналып, эки айга камалган.

Тажикстан жарандарынын ысымы Ирандын аймагындагы акыркы үч теракт учурунда да айтылган.

Быйыл март айынын башында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дин өкүлдөрү менен жолугушууда үч жыл ичинде өлкөнүн 24 жараны он өлкөдө теракт жасаганын же аларды даярдаган деп шектелип жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG