Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Орусия согушка карабай кара майдан киреше табууда


Рязандагы мунай тазалоочу завод соккудан кийин. 13-март, 2024-жыл
Рязандагы мунай тазалоочу завод соккудан кийин. 13-март, 2024-жыл

Орусияда айрым мунай иштетүүчү заводдор украин армиясынын соккуларынан улам толук кандуу иштебей жатканы менен, өлкөнүн кара май экспорту былтыркы майдан бери көбөйүүдө. Адистер мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы өсүп жатканын белгилешет.

Мунайдын дүйнөлүк баасы өсүп, Орусия киреше табууда

9-апрелде Bloomberg АКШнын коргоо министри Ллойд Остинге шилтеме берип, украин куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын мунай иштетүү заводдоруна урган соккулары дүйнөнүн энергетика тармагына залака тийгизерин маалымдады.

“Украина согуштун жүрүшүнө түздөн түз таасир эткен жана украин армиясынын тактикалык муктаждыктарына төп келген жайларды бутага алса жакшы болмок”, - деп айтты Пентагондун башчысы.

Вашингтон буга чейин да орусиялык мунай ишканаларын аткылоо аракеттерин колдобосун билдирип келген.

Брянск облусундагы Клинцы мунай кампасы. 19-январь, 2024-жыл
Брянск облусундагы Клинцы мунай кампасы. 19-январь, 2024-жыл

“Настоящее время” телеканалынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери украиналык дрондор Орусиянын 10 регионундагы 15 мунай иштетүүчү заводуна сокку урган.

Мартта “Роснефть” компаниясынын Рязандагы ишканасы, “Лукойлдун” Нижегород облусундагы ишканасы зыян тартты. Экөө тең Москваны бензин менен камсыздайт жана өлкөнүн 10 ири заводдоруна кирет. Дагы бир ишкана Орск шаарындагы ташкындан улам токтоп турат.

Маалыматка караганда, мурда дал ошол заводдордо иштетилген мунай азыр сыртка сатылып жатат.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында Орусиянын бюджетине мунай менен газдан 3 триллион рублдей киреше түштү. Ушунча каражат 2022-жылдын ошол эле мөөнөтүндө казынаны толуктаган. Январь-март айларынын көрсөткүчү былтыркы январь-март айларына салыштырмалуу 79% жогору болуп чыкты.

Орусиянын Каржы министрлиги киреше мунайдын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу өсүп жатканын, мындан ары да өсөрү болжолдонуп жатканын билдирди.

Мунай-газ тармагындагы аналитик Анна Клишина санкцияларга карабай, Орусиянын кирешесинин өскөнүн “Настоящее время” телеканалынын эфиринде түшүндүрдү.

Анын айтымында, мындай жагдай дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кымбаттап жаткандыктан байкалууда:

"2023-жылы мунайдын бир баррелинин орточо баасы 82 доллардын айланасында болсо, быйылкы жылдын биринчи кварталында 80 доллардан бир аз ашты. Азыр болсо 90 долларга жетти. Мунайын дүйнөлүк рынокко чыгарган Орусия үчүн бул негизги фактор”.

Муну менен катар аналитик Орусияда ар он жыл сайын болгон күйүүчү май кризиси кайталанышы мүмкүн деп боолгойт. Бирок буга чейинкиден айырмаланып, бул жолку кризис согуштун, украин армиясынын мунай иштетүүчү инфраструктурага урулган соккуларына туш келерин белгилейт.

Орусия мунайын "Чоң Жети" белгилеген чектен жогору сатууда

Ушу тапта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам жана ОПЕК+ картелине кирген мамлекеттер экспортун азайтууга даярданып жаткан чакта кара майдын дүйнөлүк баасы өсүүдө.

Мунай сактоочу жай. Краснодар крайы, Орусия.
Мунай сактоочу жай. Краснодар крайы, Орусия.

Bloomberg 10-апрелде жазгандай, "Чоң жетилик" 60 доллар деген чек киргизгени менен, Urals маркасындагы мунайдын бир баррелин Орусия 75 доллар, ESPO деген түрүн 84 доллар деп баасын бычкан. Агенттик санкциялардан улам продукциясын Индия жана Кытайга багыттоого аргасыз болгон Москва баары бир азыраак кирише алууда деп белгилейт.

Ал эми "Коммерсантъ" басылмасы быйыл орус мунайынын экспорту ОПЕК+ картели алдында алган милдеттенмелерден улам азаярын болжолдойт. Мурда сатылбай калган мунайды ички рынок үчүн кайра иштетип келсе, эми компанияларга кара майды казууну азайтууга туура келчүдөй.

Аналитик Клишина Пентагондун башчысы Ллдойд Остиндин соккулар глобалдык энергетикага таасир тийгизиши мүмкүн деген сөзүнө кошулат.

“Орусия дизелдик отундун экспортеру. Албетте, дизел дүйнөлүк рынокко азыраак чыгарылса, баалар өсөт. Андыктан өзгөчө АКШга президенттик шайлоо алдында мунайдын кымбатташынын жана инфляциянын кереги жок”.

Дүйшөмбүдө Рейтер агенттиги үч булагына таянып, Орусия Казакстандан 100 миң тонна бензинди чукул запас катары кармап турууну сураганын жазган. Кийинчерээк чыккан маалыматка ылайык, казак энергетика министринин кеңешчиси Чынгыс Ильясов мекемеге андай өтүнүч түшпөгөнүн айткан. Эртеси, 9-апрелде Орусиянын Энергетика министрлиги агенттиктин маалыматын төгүнгө чыгарып, Казакстанга кайрылбаганын билдирди.

Рейтер февралда Москва Беларустан бензин сатып ала баштаганын, ошол айда 590 тонна күйүүчү май алса, мартта 3 миң тонна импорттогонун кабарлаган.

Ошол эле маалда 1-марттан тарта орус өкмөтү алты айга бензинди сыртка сатууга тыюу салган. Мындай чектөө өкмөттөр аралык, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы келишимдерге жайылбайт деп айтылган.

XS
SM
MD
LG