Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:04

Шаардык сот Талас округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды


Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.
Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.

Бишкек шаардык соту буга чейинки инстанциянын №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин 9-апрелде күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ушул округдан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековдун консультанты Асылбек Рахманов шаардык соттун бул аныктамасына каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз берилерин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

2020-жылы сөз болуп жаткан округдан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн.

Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун айткан.

Бишкек шаарынын административдик соту 28-февралда бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырган.

Бактыбек Чойбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Ушул эле округдан Эмилбек Абдыкадыров да ат салышкан. Ал 2022-жылы февралда Бишкектин мэри болуп дайындалган. Бул кызматтан 2023-жылы ноябрь айында кетип, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекиген. Бул кызматта үч айдай гана иштегенден кийин жумуштан алынган. (MKt)

XS
SM
MD
LG