Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Болгарияда убактылуу өкмөт түзүлүп, жаңы шайлоо дайындалды


Димитар Главчев.
Димитар Главчев.

Болгарияда бүгүн 9-апрелде жаңы убактылуу өкмөт парламентте ант берип, ишке киришти. Президент Румен Радев техникалык өкмөттүн башчысы кылып парламенттин мурдагы төрагасы Димитар Главчевди дайындап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 9-июнда өткөрүүнү буйруду.

60 жаштагы Главчев буга чейин Болгариянын Эсеп палатасын жетектеп турган. 2017-жылы ал Улуттук жыйындын (Болгариянын парламентинин) төрагасы болуп жети ай иштеген.

9-июнга дайындалган добуш берүү Болгарияда соңку үч жылдан берки алтынчы шайлоо өнөктүгү болуп калат.

Парламенттин жаңы курамынын негизинде өкмөт куроо боюнча дээрлик бир жылдан бери уланып келе жаткан аракеттен майнап чыкпагандыктан Болгария мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого камдана баштаганы 28-мартта белгилүү болгон. Өкмөт куроо укугун үчүнчү (акыркы) жолу алган “Ушундай эл бар” партиясы бул күнү мандатын кайра президент Румен Радевге кайтарып берген. Оңчул-борборчул “Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн” партиясы жана анын коалициядагы мурдагы өнөктөшү, батышчыл “Өзгөрүүлөрдүн уланышы үчүн/Демократиялык Болгария” партиясы өкмөт курай албай турганын билдиришкен.

Болгариянын парламенти – Элдик жыйындын жаңы курамы былтыр 12-апрелде шайланган. Ошондон бери өкмөт куроо боюнча тогуз айдан бери жүргүзүлүп жаткан аракеттерден жыйынтык болбой жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG