Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Каныбек Туманбаев Азамат Мариповдун билдирүүсүнө жооп берди


Каныбек Туманбаев.
Каныбек Туманбаев.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев “бейбаштыкка” шек саналып кармалган Азамат Мариповдун видео кайрылуусу боюнча комментарий берди.

“Марал” радиосунун сайтына чыккан маегинде ал Азамат Марипов үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн 13 миң доллар сураганын, Бишкектеги үйүн саткан акчасынан ага каражат бергенин айткан. Бирок үйлөнбөй эле кийин дагы каражат сурап, шантаж кыла баштаганда президент Садыр Жапаровго айтып, жолугушканын билдирди.

“Ошондон кийин өзү баш болуп "мекенчилмин" деген башка балдар баары биригип мени социалдык тармактардан каралай баштады. Мен президентке “Азамат Марипов мени шантаж кылып атат” деп кирип айттым . Президент Азамат Мариповду бир тууган агасы Кудрет Тайчабаров, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошуп чакырып, мен болуп президентке кирдик. Президент: “Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба, жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша”, - деди. Азамат Марипов президенттен экинчи кайталанбайт деп кечирим сурады. Анан президент суроо берди. Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың дегенде, маңдайында отурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун төрт баласы бар экенин, ал жумушсуз отурганын, бир тууган карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым” деп жооп берди”, - деп айтылат маекте.

6-апрелде Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринде жансакчысы аралашкан окуя тууралуу да суроого жооп берип, ал чын эле анын жансакчысы экенин, бирок ал жерде башка иштер менен жүргөнүн кошумчалады.

Каныбек Туманбаевдин ушул эле интервьюсун super.kg сайты да чыгарды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда, 7-апрелде Бишкектин Ленин райондук милициясына Б.Д. аттуу адам кайрылып, 6-апрелде тамактануучу жайлардын биринде топ адамдар анын денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашканын айтып арызданган.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында арыздануучyнун башы жабыркап, мээси чайкалып, астыңкы эрини жырылып кеткени аныкталган.

Бул боюнча кылмышка шек саналып, 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция берген инициалдардын ичинен М.А. Азамат Мариповдун, И.И. Илимбек Исраиловдун аты-жөнүнө туура келет. Марипов буга чейин “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып видео кайрылуу жасаган.

Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт.

Кудрет Тайчабаров - ушул тапта Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси. Азамат Марипов - анын иниси. Адинай Марипова - Азамат Мариповдун карындашы. Ал буга чейин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеген.

Садыр Жапаров бул окуя боюнча 9-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берип, шантаж кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандар ким болсо да жоопко тартыларын, “мекенчилмин” деп мыйзамсыз иштерди кылгандар бар экенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG