Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:18

ХАМАС Израилдин сунушу каралып жатканын билдирди


Газа сектору.
Газа сектору.

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган ХАМАС тобу Израил ортомчулар аркылуу айттырып жиберген сунуш анын бир дагы талабына жооп бербей турганын бүгүн 9-апрелде билдирди.

Израилдин сунушу катарлык жана египеттик ортомчулар аркылуу жөнөтүлдү, бирок анын мазмуну ачык айтылган жок.

ХАМАСтын билдирүүсүндө сунуш «келишкис» деп сыпатталды, бирок аны карап чыгышары жана жообу ортомчулар аркылуу берилери маалымдалды.

7-апрелде Египетте уюштурулган сүйлөшүүлөргө Израилдин, ХАМАСтын өкүлдөрү жөнөтүлгөн, аларга катарлык жана египеттик ортомчулар менен кошо АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс да катышкан.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. ХАМАС 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы согуш башталгандан бери анклавда 32 миңден ашуун кишинин каны төгүлгөнүн өткөн аптада билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG