Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Бишкекте Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди


КСДП Апрель окуясынын курмандыктарын эскерди. Ата-Бейит. 7-апрель, 2024-жыл.
КСДП Апрель окуясынын курмандыктарын эскерди. Ата-Бейит. 7-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын (КСДП) лидери Темирлан Султанбеков 7-апрель күнү Ата-Бейиттеги Апрель окуясынын курмандыктарына тургузулган эстеликке гүл коюлуп, каза тапкандар эскерилгенин билдирди.

Ищ-чарага Апрель окуясында курман болгондордун жакындары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышканын Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал 2010-жылы 7-апрелде эл аянтка бийлик, байлык же сыйлык үчүн эмес, акыйкаттык жана адилеттик талап кылып чыкканын белгилеген.

Тарыхты бурмалоо жана мурдагы президент Курманбек Бакиевди актоо аракеттерине өлкө жетекчилиги, бийлик менен оппозиция, бүтүндөй эл каршы турушу керектигин белгилеген.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева иш-чарада сөз сүйлөп, анын жеке каражатына мечит курулуп, «Апрель» фонду түзүлгөнүн, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлгөнүн, бул фонд азыр камакта турганын айткан.

Бүгүн Кыргызстанда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына 14 жыл толду.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган нааразылык акциялары алгач Нарын менен Таласта башталып, Бишкекте Ала-Тоо аянтына чогулган элге каршы ок атылган.

Бийликтен кулатылган Бакиев үй-бүлөсү менен ошондон тарта Беларуста баш калкалап келет. Былтыр мурдагы президентти актоо аракети башталганы тууралуу талаш-талкуулар жанданган. Президент Садыр Жапаров азыркы бийликтин Бакиевдерди актоо ниети жоктугун билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG