Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:25

Будапештте миңдеген киши Виктор Орбанга каршы акцияга чыкты


Орбанга каршы митинг. Будапешт. 6-апрель, 2024-жыл.
Орбанга каршы митинг. Будапешт. 6-апрель, 2024-жыл.

6-апрель күнү Будапешттин борбордук аянтына он миңдеген адам чыгып, Виктор Орбандын өкмөтүнүн отставкага кетишин талап кылышты. Reuters маалымдагандай, митингчилер парламенттин имаратын көздөй жүрүш кылып, "Биз коркпойбуз!", "Орбан отставкага кетсин!" деп кыйкырышты. Көпчүлүгү колдорунда Венгриянын желегин кармап алышкан.

Демонстрацияны башкаруучу "Фидес" партиясынын мурдагы мүчөсү Петер Мадьяр жетектеп жүрдү. Ал мурда түрдүү мамлекеттик кызматтарда жана банктарда иштеген. Учурда өзүнүн саясий партиясын түптөп, Европарламенттин жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "Фидеске" каршы чакырык таштоону көздөөдө. Март айында ал мурдагы жубайы - жакында эле кызматынан кеткен адилет министри Юдит Варганын тасмасын жарыялаган. Анда Варга премьер-министрдин жакын чөйрөсүн коррупцияга айыптаган. Видеону укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

Мадьярдын сөзүнө караганда, тасмада венгер премьер-министринин кабинет башчысы Антал Роган Юстиция министрлигиндеги мурдагы мамлекеттик катчы Пал Вельнерге байланышкан документтерди бурмалаганы көрсөтүлгөн.

Median уюмунун социологиялык сурамжылоолоруна ылайык, шайлоочулардын 68% анын саясий карьерасынан кабардар экенин айтышкан, 13% Мадьярдын партиясын колдой турганын билдиришкен.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлеринин ичинен Кремлге эң жакын саясатчы катары сыпатталат. Венгрия Украинага аскердик-техникалык жардам бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG