Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:43

Израилде нааразылыкка чыккандар Нетаньяхунун кызматтан кетишин талап кылды


Коргоо министрлигинин алдындагы демонстрация. Тель-Авиве, 6-апрель, 2024-жыл.
Коргоо министрлигинин алдындагы демонстрация. Тель-Авиве, 6-апрель, 2024-жыл.

Ишембиде Тель-Авив, Кесария жана Хайфы шаарларында премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кызматтан кетишин талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты. Алар мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүүнү да талап кылышты.

Митингге чыккандар өкмөт ХАМАС тобунда барымтада кармалып тургандарды бошотуу боюнча келишимге барышы керек деп эсептешет.
7-апрель күнү ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салып, адамдарды барымтага алганына туура жарым жыл болот.

Барымтадага алынгандардын жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрү форумунун Иерусалимдеги уюштуруучусу Том Баркай митингде сүйлөп жатып:

"Биз барымтадагы жакындарыбыз согуш аркылуу эмес, сүйлөшүүлөр, макулдашуулар аркылуу кайтып келерине көзүбүз жетти", - деди.

Тель-Авивде нааразылыкка чыккандар Гистадрут профсоюзунун башчысынан ири масштабдуу нааразылык жарыялоону талап кылуу үчүн профсоюздун штаб-квартирасына багыт алышты. Алар мындай жол менен өкмөттү Газа секторундагы барымтада кармалып тургандарды бошотуу үчүн макулдашууга барууга көндүрүүнү көздөшүүдө. ,

The Times of Israel басылмасы маалымдагандай, митингчилер "Элад, бизди кечир!" деп кыйкырышты. Мурдараак Израил армиясы былтыр октябрдан бери ХАМАСтын колунда барымтада турган Элад Кацирдин сөөгүн алып келишкенин маалымдаган. ЦАХАЛдын божомолунда ал январдын ортосунда өлтүрүлгөн.

The Times of Israel 6-апрелдеги митинг Израилдеги былтыр октябрдан берки эң ири митинг болду деп эсептейт. Басылманын маалымдашынча Тель-Авивде митингчилер менен полиция кагышты. Демонстрацияны кууп таратуу учурунда төрт киши кармалып, улгайган адамды полициянын аты тебелеп кеткенин жазды басылма.

Газа тилкесиндеги Израилдин согуштук операциясы октябрь айынан бери уланып келет. Буга ХАМАС тобунун өлкөнүн түштүгүнө кол салуусунан 1200дөй адам өлүп, 250 адамды барымтага алганы негиз болгон. Ушу тапта уюмдун колунда 100дөн ашуун адам барымтада кала берүүдө.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согуштук операция башталгандан бери тилкеде жалпысынан 32 миңден ашуун палестиналык жай тургун набыт кеткенин билдирип келет.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачкачылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG