Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын өкүлү Жереми Лоуренс Кыргызстанда "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамга кол коюлганына тынчсыздануусун билдирди.
Анда бир жума мурда кол коюлуп, күчүнө кирген мыйзам көптөгөн бейөкмөт уюмдардын ишине олуттуу коркунуч жаратарына, жарандардын оюн ачык айтуу, эркин, тынч чогулуу жана коомдук иштерге катышуу укугун бузарына тынчсыздануусу айтылган.
"Апта башында президент Садыр Жапаров "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамга кол койду. Бул бийликке жалпы коммерциялык эмес уюмдарга кеңири көзөмөл кылууга шарт түзөт, "саясий ишмердүүлүк" менен алектенген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар "чет элдик өкүл" катары каттоодон өтүүсүн милдеттендирет. Бул талапты аткарбоо алардын ишмердүүлүгүн алты айга чейин токтотууга жана андан ары жоюлушуна алып келет. Анткени Кыргызстанда иштеген бейөкмөт уюмдардын басымдуу бөлүгү чет элдик жана эл аралык донорлордон кайтарымсыз гранттарды алат. Бул мыйзамдан улам бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү "чет элдик өкүл" деген стигматизациядан, ошол эле учурда бийликтин ээн-эркин текшерүүлөрүнөн жана жыл сайын аудитордук текшерүүлөр үчүн акы төлөөдөн качуу үчүн ишин токтотууга мажбур болушу мүмкүн", - деп билдирди Лоуренс.
Билдирүүдө “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтүүнү чечкендер өзүн өзү цензуралоого аргасыз болушу ыктымалдыгы, бул өз кезегинде мыйзамдуу коомдук пропаганданы, адам укуктарынын корголушун көзөмөлдөө жана отчет талап кылуу эркиндигин, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарга таандык маанилүү маселелерди талкуулоону кысууга алып келет деп жазылган.
БУУнун өкүлү кыргыз бийлигин бул мыйзамды артка чакыртып, келерки мыйзамдарда да адам укугун коргоонун эл аралык стандарттарын сактоого үндөгөн.
Бийликке бул маселе боюнча бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде өлкөнүн жарандык коому жана укук коргоочулары менен маңыздуу кеңешмелерди өткөрүүгө чакырган.
Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койду.
14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт бериши керек.
Мындан кийин жергиликтүү 100дөн ашуун уюм президенттин дарегине кайрылуу жолдоп, мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышкан.
Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.(ZKo)