Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:45

Кыргыз ысымдарын жана тилдерди изилдеген Какен эже


 Туңгуч кыргыз этнограф айымы Какен Мамбеталиева (05.04.1936 – 30.07.1984)
Туңгуч кыргыз этнограф айымы Какен Мамбеталиева (05.04.1936 – 30.07.1984)

ХХ кылымдын экинчи жарымында кыргыз айымдарынын арасынан чыккан алгачкы илимпоз-этнограф, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Какен Мамбеталиеванын (05.04.1936 – 30.07.1984) элесине арналган тарыхчынын блогу.

Какен Мамбеталиева эже...

Студенттерге талап коюп гана чектелбестен, алардын этнография сабагын дурус өздөштүрүүсү үчүн студенттик жатаканага эринбей келип, коллоквиум аталган ыкма менен алардын жамааттык кошумча окуусу үчүн шарт да түзүп берген бул арыкчырай, узун бойлуу жана сүрдүү эжекенин элеси 1960–1980-жылдардагы далай тарыхчы студенттердин эсинде калды.

Анын кыргыз кыздарынын ичинен алгачкы болуп этнография жаатында кандидаттык диссертация жактагандыгын, Саул Менделевич Абрамзон (1905–1977), Юлиан Владимирович Бромлей (1921–1990) сыяктуу нечендеген залкар этнограф илимпоздор менен тыгыз байланышта болгондугун бул эжекенин көзү өткөндөн далай ондогон жылдардан соң гана таразалап билдик.

Ал эми студент кезибизде курсташтарыбыздын көйгөйү – эптеп этнография сабагынан начар баа алып калбоо деген түйшүктүү суроо болчу.

Ал кезде этнография боюнча кыргыз тилинде түгүл, орус тилинде дагы жарытылуу окуу китеби чыга элек болчу. Ошондуктан курсташтар Какен эжекенин дарстарын жакшылап угуп, ырааттуу конспект түзүп, анан өз ара салыштырып талкуулачубуз.

Азыр эмне... Ар бир дарс окуган окутуучунун айткандарын уккан соң, студент үйгө келип, интернет желесиндеги ар кыл тилдердеги маалыматтар менен агайдын же эжейдин айткандарын салыштырып иликтей алат.

Ал эми дарс китеп жок кезде этнограф Какен эжеке өз эли жана жалпы совет элдери тууралуу элдир-селдир маалыматы бар биринчи курстун студенттерине жалпы дүйнөлүк этнография илиминин ажайып көрүнүштөрүн системалаштырып баяндаар эле.

Дүйнөдөгү элдердин тилдик жактан түрдөштүрүлүшүн үстүрт айтып чектелбестен, Какен эжеке ар кыл тилдердин топторун жана анын ичиндеги шакапчаларын жадыбалдай жаттаттырганы эсте.

“Мунун мага эмне кереги бар эле?” деп наалыгандар дагы начар баа алып калбаш үчүн бул тил топторун жаттоого аргасыз болушту.

Какен эже “Чыгыш Азиядагы кытай (ханзу) тилине жакын тилдердин арасында мяо жана яо тилдери бар”, дегенде ушундай да мыёологондой тил болобу деп бышкырып ийгендер да болду.

Түрк тилдери менен монгол тилдери бири-бирине жакын экендигин, монгол тилдери да ич ара бир нече тилдерге жиктелерин жаттап чыктык. Урал-Алтай тил түркүмү аркылуу фин-угор тилдерине да жакын экендигибизди, ал эми манжур, корей, жапон, монгол тилдери биз (түрк тилдүүлөр) сыяктуу эле алтай тил тобуна кирерин өздөштүрдүк.

Какен эжекенин кийинчерээк этнолог катары калыптанышым үчүн берген негизги сабагы – азыркы тапта эч бир элди алмустактан бери өзүн таза сактаган эл катары саноого болбостугу тууралуу анын дарсынын бүтүмү болду.

“Бул саясатчы же коомдук ишмер – таза кыргыз эмес экен, анын канында калмак, казак, өзбек, кара кытай же башкасы бар окшойт” деген сыяктуу азыркы кээ бир көрпенделик сөздөр суу кечпей тургандыгын, ошентип, 17–18 жашыбызда эле Какен эжекенин дарсынан өздөштүргөн элек.

Какен эжекенин бир тууган агасы, Ички Теңир-Тоодон чыккан чыгаан журналисттердин бири Сулайман Мамбеталиев (1928–2021) карындашы Какендин Эчки-Башы айылында боз үйдө төрөлгөнүн, карапайым эмчи Бурулкан апа киндик эне болгонун, Жумабүбү апа төрөп жатканда киндик эне ага ала бакан таянтып көмөк кылганын эскергени бар.

Алардын атасы Мамбеталы 1945-жылы кайтыш болгон. Каатчылыкта жашап жаткан үй-бүлөнүн жалгыз уюн жакын тууганы эч суроо-сопкуту жок эле этке төгүп жибергенде, бул кылыкка таарынып, Жумабүбү апа уул-кыздарын (анын ичинде согуш жылдары Мамбеталы менен Жумабүбү багып алган Жаңыл деген кызды кошуп) алып, Эчки-Башыдан Нарын шаарына көчүп кетет. Кооз жасалган боз үйүн бир бөлмөлүү жалпак тамга айырбаштайт.

Тагдырдагы бул бурулуш да Какен эжеке үчүн олуттуу мааниге ээ болгон. Себеби чакан да болсо шаар макамы бар Нарын калаасында ар кыл этностордун өкүлдөрү жашаган жана шаарда орус тилин өздөштүрүү үчүн Эчки-Башы айлына салыштырмалуу алда канча жогору мүмкүнчүлүктөр болгон.

Какен эжеке өзү дарыгер болууну көксөгөн экен. Бирок өз атасындай туу туткан бир тууган байкесинин кеңеши менен Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтуна) тапшырган экен.

Элеттен чыккан Какен Мамбеталиева 1950-жылдардын соңу – 1960-жылдардын башында советтик этнография илиминин мыкты адистеринен сабак алып, азыркы кыргыз этнография илим тармагын түптөгөнгө бараандуу салым кошкон алгачкы кыргыз айымдарынан болуп калды.

Какен эженин агасынын кызы, саясат таануу боюнча илим доктору, профессор, маркум Гүлмира Сулайман кызы Мамбеталиева (1956–2017) өз эжеси тууралуу мындайча эскерген:

“Эжем ушул улуттук университеттен билим алып, согуш учурунда Москвадан көчүп келген Клавдия Антипина деген чоң этнографтан көп нерсени үйрөнүп, ал киши өз экспедицияларына кошуп шакирти катары тарбиялаган. Жакшы окуп Ленинграддагы этнография институтундагы аспирантурага өтүп, илимий ишин ийгиликтүү жактап, түштүктөгү тоо-кен өнөр жайындагы жумушчулардын турмушун, ал жердеги маданиятты изилдеген. Какен Мамбеталиева энциклопедист да болгон. Кыргызча ысымдарды изилдеген. "Кыргыздын аттарын изилдеп жүрсөм Канализация деген ат бар экен" деп күлгөнү эсимде. Кыргыздардын колдонмо өнөрү (прикладдык искусствосу) тууралуу К.Антипина менен биргелешип китеп жазып, ал китептери англис, орус, немис тилдеринде жарыкка чыккан. Бул киши чет тилдерин жакшы билгендиги үчүн Каракалпак университетине сабак бер деп, башка чет мамлекеттерге стажировкага барууну да сунушташып турган...”

Какен эжеке Түштүк Кыргызстандагы (азыркы Баткен облсунун аймагындагы) кыргыз кенчилеринин заттык жана заттык эмес маданиятын этнограф катары изилдөөгө дың бузар эмгектер жаратып кетти.

Тактап айтсак, ал 1963-жылы “Кыргызстандын таш көмүр өнөр жайындагы кыргыз кенчилеринин турмуш-тиричилиги жана маданияты” деген китебин жарыялап, этнография үчүн бүгүн да маанилүү болгон олуттуу теманын башатын ачты.

Ушул багыттагы илимий изилдөөсүн улантып, натыйжада ал 1971-жылы “Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайындагы кыргыз жумушчуларынын үй-бүлөсү жана бүлөлүк-никелик мамилелери” деген этнографиялык изилдөөсүн жарыкка чыгарды. Бул изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ал далай иш сапарларда (талаа иликтөөлөрүндө) болуп, ара-чолодо ичкилик кыргыздардын диалекттик өзгөчөлүктөрүн да үйрөнгөн.

Аны да ал өз дарсында эби менен колдонуп калчу.

“Жүгөрү дегенди ичкилик кыргыздар “мәкә” дешет, туурабы балдар?” деп күлүмсүрөп, “ә” тыбыгын дааналап айтып, Какен эжеке баткендик жана ноокаттык балдардан колдоо издеп калаар эле.

Жалпысынан, Какен Мамбеталиева өлкөбүздөгү тарых илимдеринин жаңы тармагын – этнография илимин түптөөдө, ошондой эле дүйнөлүк этнография илиминин жетишкендиктери камтылган заманбап дарстар окууда жана жаңы муундагы этнограф кадрларды даярдоодо ири салым кошууга жетишкен.

Какен эженин бир катар илимий макалалары өз доору үчүн Кыргызстандагы телчигип жаткан заманбап этнография илиминдеги жаңы саамалык болгонун анын эмгегин замандаштарынын башка эмгектерине салыштырып үйрөнгөндө аңдай алдык.

Түптөлүп келе жаткан чакан өнөр жай шаарларындагы мурдагы көчмөн жана дыйкан кыргыздардын урпактарынын салт-санаасы жана турмушу Какен Мамбеталиева тарабынан алгачкы жолу атайын этнографиялык иликтөөгө алынган.

Азыр дагы Баткен облусунун аймагында жайгашкан чакан шаарлардын этнографиялык көйгөйлөрүн иликтеген этнограф жана социолог окумуштуулар бул аймактагы совет доорунда ХХ кылымдын ортосунда орун алган жагдайга салыштыруу үчүн Какен Мамбеталиеванын таберик эмгектерине байма-бай кайрылышат.

Педагогдук иш-аракет окумуштуунун ишмердигине көрк да кошот, устаттык мээнети менен өз билимин шакирттерине ооштуруп, илимий мектеп түзүүгө да огожо болот эмеспи.

Какен Мамбеталиева нечендеген жаш адистерге этнография тармагы боюнча заманбап илимий темаларды тапшырып, этнографиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүгө шыктандырып турган.

Маселен, Какен эжекенин илимий жетекчилиги астында 1981-жылы манас таануу жаатында дипломдук ишин коргогон профессор Аалыбек Акунов жакында ошол студенттик дипломдук ишти кеңейтип, кошумчалап, китеп кылып жарыялады.

(Караңыз: Акунов, Аалыбек. "Манас" эпосу боюнча кыргыздардын үй-бүлө жана нике мамилелери / Жооптуу ред. проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек, “Калем” басмасы, 2021.).

"Жан дүйнө" Кыргызстан майыптар ассоциациясынын төрагасы Калык Мамбетакунов мырза 2012-жылкы илимий жыйында Какен эженин адамгерчиликтүү мамилеси тууралуу мындайча эскерген:

"Мен борборго келип бир топ жогорку окуу жайларга документтеримди тапшырдым. Баары эле көзүмдүн начар көрөрүн билип, документтеримди албай, шагымды сындырып жөнөтүп жатышты. Анан бир агаларымдын сунушу менен тарых факультетинен дагы бир багымды сыноону чечтим. Багыма ошондо Какен эже жолуккан экен. Дагы шагымды сындырып эмне деп айтып жиберер экен деп жүрөкзаада болуп отурдум. Эже мени карап “документтериңди алып кел, кабыл алабыз” деди. Эмне дээримди билбей: "Эже, бирок менин көзүм көрбөйт", – дедим. "Көрбөсө эмне экен!" деп эже кыйкырып койду. Ошентип экзаменди өзү алып, мен окууга өтүп кеттим. Эже ушунчалык адамгерчиликтүү жан эле...”

Какен эжеке өтө түшүнүктүү инсан эле. Пахтачылык аймактарынан келген жана биринчи курста сабакты өздөштүрүүдө бир кыйла түйшүккө баткан студенттерге, менимче, ал эжеке гана эмес, башка калыс окутуучулар да түшүнүү менен мамиле кылышкан.

Көрсө, КМУнун (КУУнун) студенттери менен улуу муундагы окутуучулары дагы 1970-жылдардын башына чейин бир нече айга пахта теримине катышкан учурлар болгон экен жана алар пахтачылык аймактарындагы мектеп окуучуларынын азап-тозокторун өз жон териси менен сезишкен тура.

Албетте, азыркыдай идеологиялык цензура болбогондой шарт жаралган болсо, Какен эжеке жана башка этнографтар мындан дагы үзүрдүү иштеп үлгүрүшмөк.

Бирок алардын түптөгөн пайдубалы кыргыз этнографиясын жаңы сереге чыгарууга опол тоодой рол ойноду. Азыркы тапта жигердүү кыргыз этнограф айымдары саны жагынан этнограф мырзалардан ашса ашат, бирок кем эмес.

Алардын бири, этнограф, тарых илимдеринин доктору, КУУнун профессору Аниса Риф кызы Бикбулатова, маселен, өзүнүн мыкты этнографиялык эмгектери үчүн жакында Татарстан Илимдер академиясынын чет элдик академиги болуп шайланды.

Туңгуч этнограф айым Какен Мамбеталиева эжекенин жаркын элесин эскерип туруу – азыркы этнографтардын жана тарыхчылардын парзы.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG