Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:44

Грузияда парламенттик шайлоодогу гендердик квотага каршы мыйзам кабыл алынды


Бека Одишария.
Бека Одишария.

Грузияда парламенттик шайлоодогу гендердик квотаны жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору үч окууда тең колдоо таап, кабыл алынды. Аялдар үчүн квота каралган ченемди алып салуу тууралуу мыйзам долбооруна 4-апрелде парламентте 85 депутат "ооба" деп добуш берди, 22си каршы чыкты.

Буга чейин Грузияда парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиянын талапкерлеринин тизмесинде ар бир төртүнчүсү, ал эми 2028-жылга карата ар бир үчүнчүсү аял болушу керек деген талап бар болчу.

Азыркы сунушту сындап жаткандардын пикиринде, муну менен бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы шайлоо тизмесиндеги аял талапкерлерден арылып, анын шайлоо өнөктүгүн каржылай турган олигархтар үчүн орун бошотууда.

Мыйзам долбоорун оппозициядагы "Гирчи" партиясы сунуш кылган. Анын пикиринде, "позитивдүү дискриминациянын" кайсы гана түрү болбосун, ал гендердик тең укуктуулуктун бузулушуна алып келет.

Талкуу учурунда "Грузин кыялынан" депутат Бека Одишария аял депутаттарды мазактаган сөз айтып, кийин анысы үчүн кечирим сурады.

Омбудсмен жана оппозиция Одишарияны жазага тартууну талап кылып жатышат. Парламентте аны Латвиянын Грузиядагы ардактуу консулу кызматынан ажыратууну сунуш кылышты.

"Аялдар кыймылы" бирикмеси гендердик квота грузин саясатындагы аялдардын санын 14 проценттен 20 процентке көбөйткөнүн айтып жатат.

2023-жылы Грузия Европа Биримдигине талапкер деген расмий макамга ээ болгон. Бул өлкөдө кезектеги парламенттик шайлоо быйыл октябрда өтөт.

Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес.

3-апрелде Грузияда былтыр жапырт нааразылыктан кийин токтотулган, Орусияныкындай деп сынга кабылган талаштуу "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракети кайрадан башталды.

25-мартта ЛГБТ укуктарын кыйла чектей турган мыйзам долбоору даярдалып жатканы белгилүү болду.

Экөөнү тең башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы сунуштоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG