Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

"Эл адилетсиздикти кечирбейт". Апрель окуясына 14 жыл


Бишкекте Ала-Тоо аянтында 2010-жылы 7-апрелде чогулган элге каршы ок атылып, ошол кезде 80ден ашык адам ажал тапкан. 14 жыл ичинде курмандыктар 150дөн ашты.
Бишкекте Ала-Тоо аянтында 2010-жылы 7-апрелде чогулган элге каршы ок атылып, ошол кезде 80ден ашык адам ажал тапкан. 14 жыл ичинде курмандыктар 150дөн ашты.

Кыргызстанда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуяларына 14 жыл толду.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган нааразылык акциялары алгач Нарын менен Таласта башталып, Бишкекте Ала-Тоо аянтына чогулган элге каршы ок атылган.

Бийликтен кулатылган Бакиев үй-бүлөсү менен ошондон тарта Беларуста баш калкалап келет. Былтыр мурдагы президентти актоо аракети башталганы тууралуу талаш-талкуулар жанданган. Президент Садыр Жапаров азыркы бийликтин Бакиевдерди актоо ниети жоктугун билдирген.

"Апрель ыңкылабы эл толкуса, чоң күч боло аларын көрсөттү"

Кишимжан Таштакееванын ошол кезде 27ге чыккан уулу Эмилбек Айылчиев 7-апрелде Бишкектеги Ала-Тоо аянтында окко учкан. Таштекеева Апрель ыңкылабы эл толкуса, чоң күч боло аларын көрсөткөнүн айтты:

"Аянтка чыкканга чейин эл арасында нааразылык күчөй берген да. Ага светтин кымбатташы, телефон аркылуу сүйлөшүүнүн баасы, буюртма киши өлтүрүүлөр өңдүү жагдайлар себеп болгон. Аянтка чыккан элди "сен бул жакка бар, андай кыл, мындай кыл" деп эч ким башкарган эмес. Элдин ызасы чекке жеткени үчүн чыккан. Ошондо деле эл сөз эркиндигин талап кылган. Азыркы жагдайды айта турган болсок, элди тартипке чакырабыз деп күч органдарыбы, мамлекетпи, өз жумушун жасап жатат. Бирок аша чаап кетип жатышат. Ошол окуялардан бардыгыбыз, бийлик дагы сабак алышы керек. Эл бир толкуса чоң күч экен да. Эч нерсе бууй алгыс күч экен. "Революцияга чыга калабыз же бир нерсе кыла калабыз" деп бийликти дейбизби, башканыбы коркуткусу келген эч ким жок. Бирок ошол окуялар сабак болушу керек. Бийлик деген убактылуу нерсе. Эл менен эсептешүү керек. Элдин пикирин угуш керек".

"Элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска"

Президент Садыр Жапаров Апрель окуясынын 14 жылдыгына карата кайрылуусунда бул күн үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан, адилетсиздик менен зордук-зомбулукка моюн сунбаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн экенин билдирген:

"Элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору айкындалган күн! Тилекке каршы, Апрель элдик революциясы бизге оор жоготуулар менен келди. Өкүмзор бийлик алдына чөгөлөп бербей, өз журтунун келечек тагдыры үчүн өлүмгө тике караган эр-азаматтарыбыздан айрылдык. Апрель элдик революциясы – ɵлкɵдɵ башкы күч эл экенин, кыргыз элинин канында адилеттик, калыстык, эркиндик үчүн ажалдан да кайра тартпай турган баатырдык мүнɵз бар экенин далилдеген кандуу окуя катары дүйнө жүзүнө тарап, тарыхыбызга ташка тамга баскандай жазылып калды", - деп белгиленген президенттин кайрылуусунда.

2010-жылы ошол маалдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусуна, бийлигине каршы нааразылык акциялар 6-апрелде Нарын жана Талас шаарларында башталган. Күч органдары аянтка чогулгандарга күч колдонгон. Таласта 6-апрелде ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев катуу сабалган.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында 7-апрелде чогулган элге каршы ок атылып, 80ден ашык адам ажал тапкан. Калайман башаламандык Бакиевдин бийлигинин кулашы менен аяктаган. Бакиев ошондон бери үй-бүлөсү, жакындары менен Беларуста жашайт.

Апрель баатыры наамын алган Алиясбек Алымкулов 7-апрелде аянтта оор жараат алган.

Алиясбек Алымкулов.
Алиясбек Алымкулов.

"Бул күн Кыргызстанга олуттуу өзгөрүү алып келген дата. Кыргызстандын жаңы тарыхында ал күн өтө кайгылуу окуя менен коштолуп калды. Бирок мындан кийин кандай бийлик келбесин, канчалык далалат кылбасын, ал үй-бүлөлүк жеке бийлик орното албайт. Анткени болуп өткөн Март окуясы дагы, Апрель окуясы дагы ага себеп. Албетте, азыр ар кандай сөздөр көп чыгып жатат, ар кандай баалар берилип жатат. Бирок анык бааны тарых гана берет. Ал эми ошол шейит кеткен эр-азаматтар өлкөнүн эгемен тарыхында өзгөрүү алып келген. жарык нур, келечекке үмүт алып келген. Аларды тарых унутпайт. Ошол убактагы үй-бүлөлүк бийлик башкарууну атадан балага өткөрүп берүүгө аракет кылып жаткан. Кыргыз эли оорчулукту, кыйынчылыкты көтөрүшү мүмкүн, бирок кыргыз эли адилетсиздикти көтөрбөйт. Аны эл бир нече жолу далилдеди. Келечекте дагы аны оңой эле далилдеп коюшу мүмкүн. Айрым бир учурлар, айрым бир улуу инсандар кыска мөөнөткө бийликтин күчү менен унуткарылышы мүмкүн. Бирок алардын орду тарыхта өчкөн эмес. Тарых баарын ордуна коёт экен, унутулбайт экен. Элибиз өз баатырларын унутпайт".

Мурдагы президенттер менен Дубайдагы жолугушуу

Былтыр жыл башында Садыр Жапаров Дубайда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусун уюштурган. Анын алдында Алмазбек Атамбаевдин бир катар кылмыш иштери кыскартылып, абактан чыгарылган жана дарылануу үчүн Дубайдан ары Испанияга учуп кеткен.

Көп өтпөй, май айында журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу жарыяланган. Анда мурдагы президент кан төгүү менен аяктаган Апрель окуясы жана анын бийлигинин тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган. Соңку окуялардан улам коомчулукта Бакиевди актоо аракети башталганы тууралуу талаш-талкуулар чыккан.

Натыйжада Кошалиев Улуттук телерадиокорпорациясынын (УТРК) баяндамачысы кызматынан кетип, кийин Биринчи Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешиндеги төрагалык ордун да өткөрүп берген.

Андан көп өтпөй Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде азыркы бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер келсе соттун чечимине ылайык камаларын айткан. Эгер экс-президент ырайым сурап кайрылса берип же бербөө чечимин Апрель окуяларында жабыркаган элдин пикирин эске алуу менен кабыл аларына ишендиргенге аракет кылган. Садыр Жапаров ошондой Бакиевдин жакындары келсе дагы камаларын белгилеп, экс-президенттин иниси Жаныш менен уулу Максим өмүр бою эркинен ажыратылгандыктан, сот актабасын айткан.


Алиясбек Алымкулов 14 жылдан бери сыртта жүргөн Курманбек Бакиев жана анын жакындары жазаларын кайсы бир деңгээлде алды деп эсептейт:

"Туулган жериңдин бир ууч топурагына ээ боло албай куугунтукта жүргөндүн өзү бул камалгандан дагы, атылгандан дагы артык жаза. Топурак буюрбай калсын деген кыргызда чоң каргыш бар. Булар жазасын алды, дагы алып жатат. Себеби ата-бабасы, ата-энеси көмүлгөн жерге келе албай четте качып жүрүшү, кыргыз элинин каны менен теринен жуурулган акчанын рахатын көрүп жатат дегендин өзү чоң жаза. Албетте, азыр айрым бир күчтөр аларды актоого аракет кылып жатат. Келсин, макулдук бергиле дегендей сөздөр башталды. Аракет кыла беришсин, жасай беришсин. Буга чейин дагы жасап келишкен. Бирок кандай болгондо дагы Кыргызстандын эгемен тарыхында кара так менен калат, өз элин кордоп атканын бийликти тарых, эл кечирбейт".

Апрель окуясына байланыштуу жалпысынан 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон жана сот бир канча жылга созулган. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган. Ал эми Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим, иниси Жаныш, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат 30 жылга соттолгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Апрель окуясынын катышуусу Мээрбек Мискенбаевдин баамында, соңку учурда Бакиевдерди актоо аракет кылган топтор бар:

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

"Эл ошол күндөрү эркиндик үчүн чыккан. Ошол маалда элдин жашоо-шарты дагы начарлап кеткен. Бакиевдерди актоо аракети Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда эле башталган. Азыр эми Бакиевдердин кадрлары толугу менен эле келип алды деп айтып жатышпайбы. "Бакиевдерди алып келели, алар завод салат экен, кечирели" деген топтор да пайда болду. Эми азыр бийлик өзү билет да. Аларга азыр катуу да сүйлөй албай калбадыкпы. Сүйлөгөндөн дагы коркуп калдык. Алып келип төргө отургузабы, камап коёбу, өздөрү чечет да, бизден сурамак беле".

"Ыңкылаптардын себеби, мааниси окутулушу керек"

Талдоочу Токтогул Какчекеев бийлик үчүн элге күч колдонуунун кесепетине токтолду. Ал окуу жайларга ыңкылаптардын келип чыккан себеби, мааниси тууралуу сабактар окутулушу керектинин айтты.

Токтогул Какчекеев.
Токтогул Какчекеев.

"Апрель революциясы бизде болгон революциялардын ичинен өзгөчө маанилүү. Ошол маалда мамлекетте болуп жаткан кемчиликтин баары ачыкка чыкты. Ошол маалда эл Бакиевдин тобу жүргүзгөн саясатка ынанган жок. Нааразычылык элди көчөгө чыгарды. Аянтта анжиян бийин бийлеп, бийликти курал менен коргойм дегенин көрүп-угуп жүбөдүкпү. Бакиевдер Атамбаев айткандай Кокон хандыгынын өкүмүн жүргүзүп келишкен. Анын бийлигин тушунда жети депутат, милициянын төрт полковниги ажал тапты. Эксперттердин айтымында, 100гө жакын адам буюрутма киши колдуу болду. Анын эң эле чоң залакасы Медет Садыркуловго байланыштуу иш болуп жатат. Ал бийлик элди ыза кылды, бийликте жээк-жаат, жердештер турду. Анын натыйжасында кесепети оор болду. Мындай мыкаачылык эгемен тарыхта болгон эмес. Эң жаманы, бийлик үчүн элди тоготпой, аларга ок аттырган, элди кырган учур Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Бир гана ушу Бакиевдин доорунда болду. Бийликке келгендерге бул сабак болушу керек. Бийлик курал колдонуп, элди тепсеп, кордоп мүдөөсүнө жете албашы сабак болушу керек. Окуу жайларда политология бөлүмдөрүндө ыңкылаптардын келип чыккан себеби, мааниси, сабагы тууралуу окутулушу керек. Болбосо унутуп калабыз", - деди Какчакеев.

Укук коргоочу Рита Карасартова ыңклыптардан улам сабак алган өлкө өз келечегин тандашы керек деп эсептейт:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Бардык ыңкылаптардын өз орду бар, өзүнүн себеби бар. Кыргыз элине өзүнүн сабагы бар. 2010-жылы апрелде эл кандуу режимге каршы көтөрүлгөн. Ошол маалда журналисттер, саясатчылар киши колдуу болгон. Ага каршы чыккан 80ден ашык бала набыт болду. Революция деген системанын өзгөрүшүнө алып келиши керек экен. Эл көтөрүлүп, ажыдаардын башын алып салгандан кийин эле "мынакей, башка кишини алып келдик" деп отуруп калат экен. Ал эми бийликке келген киши кайра эле ажыдаар болуп кетет экен. Бийликтин каалагандай бийлейм, башкарам дегени - бул авторитаризм. Бир адамдын баарын чечүүгө умтулуусу менен демократия, эркиндик, басма сөз эркиндиги, ойду эркин айтуу, эркин чогулуу укугу тарыйт. Азыр эми биздин жолубуз эмне жол, бир адамга гана баш ийип, ошол адамдын айтканы менен гана болуп келишти беле, же ар бир дубандан мыктылары тандалып келип, орчундуу маселелерди ортого салып, өкүлчүлүк бийлиги, парламентаризм бизде болду беле деп артыбызды карап, алдыдагы жолубузду тандашыбыз керек. Бийликке идея үчүн келип, Асан же Үсөндү шайлабай, идеяны шайлоого өтөбүз деп үмүт этип турам".


Былтыр жазында Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү 7-апрель күнүн кызыл календардан алууга каршы нааразылык акциялар өткөн. Анын алдында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда айрым майрамдык күндөрдү дем алыш эмес, жумуш күнү деп жарыялоо сунуштаган. Ага ылайык, 23-февралдын (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрелдин (Элдик апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрдын (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам макамын калтырып, бирок эс алуу эмес, иш күндөрү деп жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарган эле.

XS
SM
MD
LG