Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:13

Депутат жума намазда аялдар жөнүндө баян айтууну сунуштады


Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

Парламенттин депутаты Таалайбек Сарыбашев киши колдуу болгон эки аялдын тагдырынан улам Жогорку Кеңеште кыз-келиндер маселесин көтөрдү.

Ал мечиттерде кыз-келиндердин укугу жөнүндө баян окууну сунуштап, Ички иштер министрлигин (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш жүргүзүүгө чакырды.

“Бир күндө өз аялын өлтүргөн эки факты катталып жатат. Урматтуу төрага, биз муфтиятка сунуш беришибиз керек. Жума күндөрү эненин, аялдын орду, кыздын кымбаттыгы боюнча баяндарды айтыш керек болуп жатат. Анан ИИМ дагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы иш алып барышы керек деп ойлойм. Орозонун күнүндө өтө жаман иш болуптур”, - деди депутат.

4-апрелде "Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканын кабарлаган. Муну Бишкек шаардык милициясы тастыктап, аялдын өлүмүнө шектүү кармалганын билдирди.

Ушул эле күнү Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну аны менен чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Жети-Өгүз райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG