Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:07

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


Кыргызстанда 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо карга айланат. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 20…22° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG