Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

ТИМ Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркаган кыргызстандыктар жок экенин билдирди


Тайвандагы жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери.
Тайвандагы жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Жер титирөө болгон жерден 18 чакырым аралыктагы Хуалян шаарында 12 кыргызстандык жашайт, алар жер титирөөдөн жабыркаган эмес.

Министрлик Кытайдагы элчиликке шилтеме жасап, Тайванда жалпы 60 жаран жашай турганын, алардын көбү студенттер экенин тактады.

Тайванда 3-апрелде эртең менен магнитудасы 7,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Баштапкы маалымат боюнча, кеминде тогуз адам каза тапты, 900дөн ашуун адам жараат алды.

Куткаруучулар үйлөрдө, мектептерде, башка имараттарда уранды астында калгандарды чыгарып жатышат.

Бул соңку 25 жылдан берки алгачкы эң катуу жер титирөө экени айтылды. Кеминде 26 имарат кыйрады, 70тен ашуун адамга куткаруучулардын жетиши кыйын болууда.

АКШнын Геология кызматы билдиргендей, силкинүүнүн очогу тоолуу аймактагы Хуалян чакан шаарынан 18 чакырым түштүк тарапта болду.

Тайвандын бийлиги зилзаладан кийин 25 жолу силкинүү катталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG