Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:56

Министр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча комиссия кайра түзүлөт


Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия кайрадан түзүлмөй болду. Мындай чечим парламенттин 4-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

3-апрелде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Жогорку Кеңеште комиссия түзүлүп, ага Жусупбек Коргонбай уулу өзү, депутаттар Жалолидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов жана Нилуфар Алимжанова кирген. Курамында аймактык баланс сакталбай калды деген негиз менен комиссия кайра түзүлмөй болду.

Парламенттин 3-апрелдеги отурумунда Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, министрдин жана жакындарынын 50 млн доллар байлыгы бар экенин айткан. Андан тышкары анын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин билдирген.

Алымкадыр Бейшеналиев коюлган дооматтардын баарын четке кагып, Жусупбек Коргонбай уулу жеке маселеси үчүн сын айтып жатканын кабарлаган.

Алымкадыр Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда коррупцияга айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 2022-жылы 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG