Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт


4-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаайт. Тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолордогу жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 17…19° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG