Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Израилдин союздаштары WCK кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген аба чабуулун айыпташты


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Израилдин бир катар жакын союздаштары, анын ичинен Америка Кошмо Штаттары бүгүн 3-апрелде Газадагы гуманитардык уюмдун жети кызматкеринин өлүмүнө алып келген авиа чабуулду айыпташты. Чабуулдун айынан Газадагы жай тургундарга азык-түлүк жеткирүү менен алектенген көптөгөн кайрымдуулук уюмдары бул анклавдагы ишин токтотууга мажбур экенин жарыялашты.

Газада 2-апрелде Израилдин соккусунан World Central Kitchen (WCK) эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюмунун жети кызматкери каза болгон. Сектордун борбордук бөлүгүндөгү Дейр-эл-Балаха шаарына деңиз менен жеткирилген 100 тоннадан ашуун гуманитардык азык-түлүк жардамын калтырып, кампадан чыгып бараткан автомашина аткыланган.

Израил армиясы окуя боюнча «эң жогорку деңгээлде тыкыр териштирүү жүрүп жатканын» билдирген.

Каза болгондор арасында Австралиянын, Улуу Британиянын жана Польшанын жарандары бар экени аныкталган.

«Бул WCK уюмуна гана жасалган чабуул эмес, бул тамак-аш согуштун куралы катары колдонулуп жаткан эң оор кырдаалда иштеген гуманитардык уюмдарга чабуул. Кечирим жок», - деген WCK уюмунун аткаруучу директору Эрин Гор.

Аталган уюм 2010-жылы негизделген. Ал ар кандай өзгөчө кырдаалдан жабыркаган жай тургундарга тамак-аш жеткирет.

Жарым жылдан берки согуштун айынан каатчылык жаралган Газа секторуна биринчи жолу деңиз аркылуу түзүлгөн гуманитардык коридор менен жардам алып бараткан америкалык WCK кайрымдуулук уюму чогулткан 200 тонна азык-түлүк жана башка эң зарыл нерселер жүктөлгөн Open Arms кемеси жолго 12-мартта Кипрдеги Ларнака портунан чыккан.

Газа үчүн алгачкы деңиз коридорун ачуу тууралуу чечимди Европа комиссиясы жана эл аралык донор уюмдар 8-мартта биргелешип кабыл алышкан.

Израил деңиз коридору ачылганын кубаттай турганын билдирген, бирок коопсуздук үчүн текшерүү уюштуруларын эскерткен.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. ХАМАС 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

АКШ президенти Жо Байден соңку окуяга байланыштуу Израилди кескин сынга алып, ал жай тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатканын айтты.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси сектордо жалпысынан 32 миңден ашуун палестин жай тургуну набыт кеткенин билдирүүдө.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант соңку билдирүүсүндө израил аскерлери ХАМАСты жок кылыш үчүн бардык жерге жетерин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG