Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:33

Министр Бейшеналиевге байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Анын сунушун бир нече депутаттар колдоп, өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагындагы абалды сынга алышты.

Депутат Балбак Түлөбаев 3-апрелдеги отурумда министр Бейшеналиев тууралуу айтылган бардык маалыматтарды текшерүүнү Башкы прокуратурадан, Ички иштер министрлигинен жана Коопсуздук кызматынан талап кылды.

Дагы бир депутат Тазабек Икрамов коррупцияга айыпталган мамлекеттик кызматкерлер, алардын жакындары мамлекеттик кызматка жолотулбашы керек деген сунушун берди.

Депутат Исхак Масалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин карап, жалпы курам кызматтан кете турган убакыт келип жеткенин айтты.

"Акыркы үч-төрт жылда эле канча министр алмашты? Канчасы кетип кайра келип жатат. Буга Министрлер кабинетинин төрагасынын тиешеси жокпу? Ал өзү баш болуп кызматтан кете турган убакыт келди. Министрлер кабинети толук курамда кетсе деле кеме чайпалбайт, өлкө өзгөрүп кетпейт", - деди Масалиев.

Депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда дары жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Ал өзүнө дарыгерлер, бейтаптар кайрылып жатканы менен, министрлик "баары жетиштүү, дары бар" деп, бийликке да ушундай маалымат берилерин эскертти.

Бекешев мамлекеттик ооруканаларда өкмөт камсыз кыла турган эң зарыл дары-дармектер, медициналык каражаттар жеткирилбей, таңкыстык болуп жатканын 19-мартта Телеграм- каналында айткан. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай маалыматтарды төгүндөп, өлкөдөгү ооруканалардын баары дары-дармек менен 100% камсыздалганын "Азаттык" радиосуна билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстанда ар кандай себептер менен 2 125 дарыгер жумуштан кеткен. Быйыл да айлыктын аздыгын жүйө кылып, кызматтан кеткен дарыгерлер болуп жатканы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG