Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Татарстанда Украинага каршы дрон өндүрүлөрү айтылган эки шаар чабуулга кабылды


"Алабуга", 2024-жылдын 2-апрели.
"Алабуга", 2024-жылдын 2-апрели.

Орусияда Украинага каршы чабуулдарда колдонулуп жаткан учкучсуз учактар өндүрүлөрү айтылган ишканаларга сокку урулду. 2-апрелде Татарстан республикасынын аймагы биринчи жолу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды.

Жергиликтүү бийлик билдиргендей, бутага Елабуга жана Нижнекамск шаарлары алынды, жалпысынан жети киши жараат алды, олуттуу жабыркоо жок, бирок социалдык түйүндөрдө тараган видеодон бир жерде катуу жарылуу болгонун көрүүгө болот.

Айрым маалымат булактары үч киши ооруканага түшкөнүн жазышты жана талкаланган имараттардын сүрөтүн жарыялашты.

Елабуга шаарында жабыркагандардын бири 17 жаштагы кыргыз жараны экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Бул шаардан он чакырым аралыкта жайгашкан "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагынын маалымат кызматы билдиргендей, эки дрон ишкананын жатаканасына тийди.

"Осторожно, новости" Телеграм-каналы Елабугада 2022-жылы аталган ишкананын кызматкерлери жана "Алабуга Политех" коллежинин студенттери үчүн курулган хостелдер комплекси кыйраганын жазды.

Нижнекамск шаарынын мэри Рамил Муллин мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку урулганын, жабыркагандар жок экенин билдирди.

РИА "Новости" мамлекеттик маалымат агенттиги жазганына караганда, дрон "Танеко" заводуна тийип, өрт чыкты, аны 20 мүнөттөн кийин өчүрүүгө үлгүрүштү.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан тартып Татарстандагы "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагында ирандык “Шахед” чабуул коюучу дрондору "Герань-2" деген аталыш менен чыгарыла баштаган. Аларды "Алабуга Политех" коллежинин студенттери чогултары "Протокол" басылмасынын жана "РЗВРТ" Ютуб-каналынын журналисттери жүргүзгөн биргелешкен иликтөөдө айтылган.

Былтыр күздөн тартып Орусия Украинага каршы бул дрондордун кеминде 600үн колдонгону айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG