Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

Финляндияда мектепте ок атылып, бир окуучу каза болду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Финляндияда мектепте окуучу ок чыгарып, бир бала каза болду, дагы экөө жараат алды. Окуя 2-апрелде эртең менен Вантаа шаарында Виертола мектебинде болгонун полиция билдирди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кылмышка шектелип 12 жаштагы окуучу бала кармалды. Каза тапкан жана жараат алгандар да 12 жаштагы өспүрүмдөр экени белгилүү болду.

Аталган мектепте 1-9-класстарда 800дөй окуучу билим алат, кызматкерлеринин саны 90дун тегерегинде.

Мектептин администрациясы коркунуч артта калганын гана билдирип, башка комментарий берген жок.

Вантаа – Финляндиянын 240 миңдей калкы бар төртүнчү ири шаары.

Бул өлкө дүйнөдөгү эң коопсуз мамлекеттердин катарына кирет. Быйылкы рейтингде ал 50 мамлекет арасында 13-орунду ээлеген. (RK)

XS
SM
MD
LG